Садыр Жапаров

Бийликтин алмашышы «светке» байланыштуу болуп келген. ТЭЦти менчиктештирем деп Акаев президенттиктен кур-жалак калган. Данияр Үсөновдун өкмөтү «светти» эки эсе кымбаттатып, кийинки бийлик кеткен. Токтогулда суу азайыптыр деп толкуп кеткендер үчүнчү ирет бийлик алмаштырды. Президентке талпынгандардын бири Садыр Жапаров бир жарым ай бийликте туруп 700 квт/сааттан ары элдин мойнуна жүк болуп келген 2 сом 16 тыйынды май айынан баштап жоготууну көздөп жатат.

Жээнбеков Сооронбай

ГЭСтен 26 тыйындан сатылган электрэнергияга ортомчулар көбөйдү. Электрэнергиясы 2018-жылы Казакстанга 6 сом 76 тыйындан, Өзбекстанга 1 сом 47 тыйындан сатылган. 2020-жылы майда түзүлгөн келишим боюнча 1-июндан баштап эмнеге 0,00000001 доллардан (болжол менен 0,000001 тыйындан) Казакстанга электрэнергиясы сатылды. . Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын жана 330 млн куб суу берди. Ал эми Казакстандан 21 тыйындан сатып алат. Токтогул суу сактагычынын көлөмү 19 млрд/кубдан 15 млрд/кубга чейин түшөөрү болжолдонуп жатат. 4 млрд/куб сууну ким жутуп койду?

Атамбаев Алмазбек

2011-жылдан 2017-жылга чейин. Жогорку Нарын каскаддарына ГЭС курам деп 37 млн доллар Орусиядан алып жок болуп, мамлекет төлөмөр болду. Аны чехтердин аферист «Лигласс» фирмасы алып, эл араң токтотуп калды. Ошол бойдон ГЭС курулган жок. 70 тыйынга түшүрүлгөн электр 700 квттан баштап 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Мурун соттолгон Турдубаев министр болор менен өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы  2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.

Казактар Карагандада ТЭЦ-4, Семейде ТЭЦ-3тү,, Өзбекстанда Туракурган ТЭСин, Тажикстанда Душанбе ТЭЦин  арзан баада курушту.Биз эмне кудайдын чүчкүрүгүнөн түшө калгансып ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн ТВЕА ишканасына 386 миллион доллар алып келинип Кытайга карыз болдук. ТЭЦтин экс-директору  Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Соттолгон министр Кубанычбек Турдубаев 2015-жылы гана ТЭЦке жабдыктарды сатып алуу үчүн 200 млн доллар кетирет. Документтер боюнча аттиштер -620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр -1600 долларга сатып алынат. №4 казан  (котел)  20,7 млн доллар болсо, консультанттардын жардамы  5,9 млн доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн доллар болгон.Унаага кеткен чыгымдарга  9,3 млн доллар, проект түзүүгө– 11,9 млн доллар, ошолорду окутуш  үчүн гана — 845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.

Отунбаева Роза

2010-жылдан 2011-жылга чейин. ГЭС курууга убакыт да болгон  эмес, электрге болгон баа 1 сом 50 тыйындан 70 тыйынга түшүрүлгөн.

Бакиев Курманбек

2005-жылдан 2010-жылга чейин. Кыргызстандын экономикасынын оор кырдаалдарына карабай  Камбар-Ата-2 ГЭСи курула баштаган. Бишкек ТЭЦин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эки долбоор каралып жаткан, бири 150 миллион долларга, экинчиси ТВЕА ишканасы 200 миллион долларга. Токтогул ГЭСинен Өзбекстан менен Казакстанды аралабай чет мамлекеттерден өз алдынча болуу үчүн «Датка-Кемин» долбоору жактырылып, ишке кирүү стадиясында турган. 2010-жылдын 1-январынан электрге болгон наркты Данияр Үсөновдун өкмөтү 1 сом 50 тыйынга көтөргөн.

Акаев Аскар

1990-жылдан 2005-жылга чейин 15 жыл. Эч бир ГЭС курулган эмес. ГЭСтерди, ТЭЦти менчиктештирүү боюнча бийлик тараптан катуу аракеттер болуп, акыры эл бийликти кетирүүгө мажбур болгон. Гиперинфляциядан улам электрге болгон нарк 1 квтка 1 тыйындан көтөрүлүп отуруп 140 сомго чыккан. Улуттук валюта киргизилип  акчанын наркы 200 эсе түшүп, 1 квтка 70 тыйындан айланган. 1 тыйындан 140 сомго көтөрүлүү менен элдин эң таянган, өзүбүздөн чыккан электри кол жеткиз товарга айланган.

Масалиев Апсамат

1985-жылдан СССР тараганга чейинки доор. ТЭЦ-2 курулуп бүтүп калган.Кыргыз советтик республикасы киши башына электр өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыгып, «светтин» баасы 1 тыйын болуп, көптөгөн бюджеттеги адамдарга бекер боло турган.

Усубалиев Турдакун

1961-жылдан баштап 1985-жылга чейин, жыйырма беш  жылга чейинки убакыт. Кыргызстан киши башына электр берүү боюнча, бир гана СССРде эмес, дүйнөдө алдыңкы орунга чыккан. Токтогул, Шамалды-Сай, Күрп-Сай, Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Быстровка жана башка көптөгөн ГЭСтер, Бишкек ТЭЦ-1  курулган. Электрге болгон нарк 1 квт саатка эң төмөн 1 тыйындан болгон. Ал эми мугалим сыяктуу кээ бир бюджеттик кызматкерлер бекер пайдаланган.

Раззаков Исхак

1950-жылдан 1961-жылга чейин 11-жыл Кыргызстан компартиясын жетектеген. Раззаков жетектеп жаткан учурда Аламүдүн, Лебединовка, Пржевальск ГЭСтери курулган. Ильич шамын көрбөгөн көп айыл-кыштактарды электрлештирген. Электрге төлөөнүн наркы улам арзандап отуруп, 1 квт саатка 10 тыйынга, 1961-жылдан 1 тыйынга түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg