Ушул жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогунун ээсин чыгаруу жана өзгөртүү боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими “К.К.” кармалган.
Буга чейин, ушул коррупциялык кылмышка шектүү делип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы “Ч.С.” деген жаран жана Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясы “Ж.Н.” кармалышкан.
2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.