Кеңеш

YouTube’да кайсы кызыктуу каналдарды көрсөңүз болот. Тизме

Дүйнөдөгү экинчи популярдуу социалдык тармак – YouTube. 2019-жылга карата ал жерде 1,9 миллиард колдонуучу бар. Бир мүнөттүн ичинде 500 сааттык видео YouTubeга жүктөлөт. Демек, чындыгында сапаттуу контентти табуу оңой эмес.
Убактыңызды үнөмдөп көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берген YouTube каналдарын сунуштоону чечтик:
«Tentek Tentek»
Кыргызстандын тарыхын окуу кызык эмес десеңиз, бул жолу жаңылышасыз. @tentek.biz тарыхты эле эмес «Манас» эпосу, медиасабаттуулук жөнүндө да кызыктуу айтып берет.
«Топлес»
Таң калыштуу кубулуштар, космос, илимий сырлар, парадокстор жана башка кубулуштары жөнүндө таанып-билүү канал. Баса, коронавирус жөнүндө эң жөнөкөй жана кызыктуу түшүндүрмө берген чыгарылышы бар.
«Obraz»
Автор адамдын ой жүгүртүүсү, логикасы жөнүндө сөз кылат. Үч мүнөттүк инфографикалуу видеолордо биздин кандайча ойлонуп, эмне үчүн жаңылып жаткандыгыбызды түшүндүрөт. Чыгармачылыктын элементтери жана ой жүгүртүүнүн башка процесстери жөнүндө айтып берет.
«AsapSCIENCE»
Канадалык Митчелл Моффит жана Грегори Браун жума сайын ар кандай илимий темаларды камтыган кызыктуу видеолорду даярдашат. Канал англис тилинде.
«M Generation»
Когнитивдүү бурмалоо, психология, мотивация, сезимдер тууралуу канал.
«Джонник»
Мифтер, табышмактар, баш катырмалар жөнүндө анимацияланган видеолордун жыйындысы. Же жөн гана «Биз эмне үчүн тырманабыз?», «Океандын түбүнөн эмнелерди табууга болот?» сыяктуу суроолорго жооп таба аласыз.
Макала фейсбук социалдык тармагындагы «Үч чекит» баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button