Коом

ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов: Өлкөдөгү кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт

Бүгүн “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылгандыгын билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди. “Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт”, — деди ал.
ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов алдыдагы шайлоого байланыштуу 6-январга карата мыйзам бузуу боюнча жалпы 50 катталгандыгын билдирди. “Бишкекте — 15, Ош облусунда — 16, О шаарында — 2, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 2, Чүйдө — 7, Ысык-Көлдө — 3, Нарында — 1 факты катталган. Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган», -деп билдирди министрдин орун басары.
Ошондой эле Октябрь Урмамбетов төмөндөгүлөргө токтолду. “Укук коргоо органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Өлкөдөгү коомдук-саясий кылдаалды сактоого багытталган мыйзамда көрсөтүлгөн комплекстүү ыкчам алдын алуу чаралары калк жыш жайгашкан жерлерде жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да жүргүзүлүүдө. Кыргызстандагы кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлүп, күнөөкөрлөр жоопкерчиликке тартылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт жана мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт.
Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз аракеттер, чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен, республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыктар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.
ИИМ Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында коомдук тынчсыздандырууга алып келген жалган маалыматтарды тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузууга алып келе турган жалган маалыматтарды таратып, коомдук тартипти бузгандарга карата чаралар көрүлөт. Ушуга байланыштуу айрым жарандар социалдык тармактарда тараткан чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ички иштер министрлиги чагымчыл материалдарды тараткандарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып месенджерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына — 102 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.
Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт, бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар каттала турган болсо анда ал фактылар катталып, мыйзамды бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт”, — деди министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button