Соцтармакта Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин артынан 20 чакты мэриянын кызматкерлерин ээрчитип алган видеосу коомчулуктун сынына кабылды.

Видеодо көрүнүп тургандай вице-мэр калааны борбордук көчөлөрүн кыдырып, рейд жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө артынан 20 чакты аткаминер коштоп барган. Мындай көрүнүштү соцтармактын колдонуучулары курулай пиар катары баалады.

«Салпактатып баарын ээрчитип албай, аларга тийиштүү тапшырма берип койсо болмок. Башка мамлекетте кур пиар кылбай тымызын эле шаардагы оңдоочу ар бир жетекчи ишин так билип, бүтөөчү жерлерди өздөрү бүтүрүп салышат. Ушунча кишини ээрчитип, коштоп жүрүүнүн зарылдыгы бар беле?»,-дешет соцтармактын колдонуучулары.

Видеонун шилтемеси ушул жерде https://www.facebook.com/312Bishkek/videos/165185305164786