Саясат

Улукбек Марипов бардык өкмөт структурасында иштеген өкүлдөргө эскертүү берди

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандагы өкмөттүн  бардык өкүлүнө эскертүү берди. Бул тууралуу ал түз эфирде билдирди.

«Урматтуу, Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Жапарович, «Бишкексвет» ишканасынын жетекчисинин кылган адатын сиз да көргөндүрсүз. Буга карата чара көрүлбөйбү?

Учурдан пайдаланып мен айыл өкмөттүн кызматкеринен тартып борбордук аппараттын кызматкерлерине кайрылып кетейин убакыт келди, өзүбүздү үлгү катары көрсөтпөсөк коом бизди ээрчимек беле? Ар бир кызматкер өз тартибин да карай жүрсүн. Тартип болбосо өнүгүү болбойт. Эл алдында өкмөттү жаман атты кыласыңар», — деди Марипов.

Ошондой эле, Премьер-министр Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.

«Эч ким кабинетинде аракетсиз отура бербеши керек. Акимдер фермерлер менен иш алып барып, рынокто суроо-талап жараткан айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү максатка ылайык экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тийиш. Бардык жоопкерчиликти Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине түртүп салууга болбойт. Жалпыбыздын милдетибиз бирдиктүү – элибизге кызмат кылуу. Мен жазгы-талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барып, фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам», — деп маалымдады Премьер-министр.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button