1952-жылдын 21-февралында Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан. ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрда бул күндү эне тилдин эл аралык майрам күнү катары бекиткен. Бул дата 2000-жылдан бери “эне тил” күнү катарында белгиленип келет. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин жана анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө сүйлөнө тургандыгын белгилешет. Ар бир улуттун жоголуп кетүү коркунучу анын тилине болгон мамиленин өтө төмөндөп кетиши менен байланыштуу болот.

«Улут болсоң тилиң менен улутсуң» дегендей, тил бир эле баарлашуунун, кабыл алуунун жана ойлонуунун куралы катары бүгүн менен эртеңдин байланышын сүрөттөп гана турбастан, ар бир элдин руханий мурасы, адамзаттын баа жеткис байлыгы болуп саналат. Адам баласынын ар түрдүү чыгармачылыгынын кайталангыс сүрөттөлүшүн түзгөн дүйнө тилдерин аздектеп алуу ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир тил өзүнчө кайталангыс улуу мурас, интеллектуалдык байлык. Андыктан, ар бир улут өз эне тилин аздектеп, көздүн карегиндей сакташы керек. Эне тил – улуттун жүзү, сыймыгы.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги баарыңыздарды 21-февраль — Эл аралык эне тил күнү менен куттуктайт!

ИИМдин Басма сөз кызматы