Коом
COVID-19. 3 адам каза тапты. 66 адамдан коронавирус анкыкталды
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 66 адамдан табылып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте коронавирус – 19 адамдан, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 24, Нарын облусунда – 5, Жалал — Абад облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда — 3 Баткен облусунда — 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2, Ысык-Көлдө — 1 адам каза болгон.