Кылмыш-кырсык

Кара-Сууда сейфти уурдаган каракчылардын колунан аял киши каза тапты

2021-жылдын 27-февралында саат 07:13тө Кара-Суу РИИБдин нөөмөт от бөлүмчөсүнө маалымат түшүп, анда 2021-жылдын 27-февраль күнү саат 06:40 чамасында, Кара-Суу шаарынын  жашоочусу 55 жаштагы Т. У (аял киши) миздүү нерседен денесинен жарат алып Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган маалымат, 2021-жылдын 27-февралында Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына  катталып, текшерүүгө алынган.  Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталган: 2021-жылдын 27-февраль күнү саат 05:00 чамасында белгисиз эки атуул беттерине чүмбөттөрүн кийип алышып, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйүнө мыйзамсыз киришип, турак үйдүн бөлмөсүндө эс алып жаткан Т. Уну өздөрү менен бирге алып келишкен, жыгач таяк менен башына уруп, андан кийин бычак  сайып, бөлмөдө турган темир сейфти көтөрүп чыгышып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен.

Натыйжада, У.Т Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө үч сааттан кийин каза болгон.

Бул факты боюнча 2021-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын ЖКнын 130-бер. 2-бөл. 14-п. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен сотко чейинки өндүрүштөгү жазык иши катталып, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелишкен Кара-Суу шаарынын Крылова  жашоочусу 20 жаштагы А. уулу А жана Кара-Суу шаарынын жашоочусу К. А экендиктери аныкталып, Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тергөө кызматына камсыздалышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иш боюнча, А. уулу А жашаган Кара-Суу шаарынын  көчөсүнүн биринде жайгашкан турак үйүнөн 1 даана темир сейф ачылбаган абалда, 1 даана бычак, 1 даана жыгач таяк жана бет чүмбөттөр табылып алуу жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп тийиштүү материалдар топтолгон. Ал эми каза болгон У.Тга карата соттук-медициналык, алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Азыркы күндө тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button