Коом

Кыргыз-түрк маданий кызматташтыгы: кино жана театр багыттары боюнча иш-чаралар жандандырылат

Бүгүн Анкара шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мырза менен эки тараптуу жолугушуу өттү.
Жолугушууда буга чейинки эки өлкө ортосундагы маданий байланыштар талкууланып, кызматташуунун жаңы тараптарын камтыган келишимге кол коюу тууралуу макулдашылды.
Түркияда Кыргызстандын, андан соң Түркиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүн белгилөөнүн иш-планын иштеп чыгуу тапшырмасы эки тараптын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылды. Ошондой эле, кино жана театр багыттары боюнча тажрыйба алмашуу жана таанытуу максатындагы иш-чаралар жандандырылып, жаңы баскычка көтөрүүгө эки тарап тең кызыктар экенин билдиришти.
Ошондой эле Түрк дүйнөсүндө ар тараптуу, алгылыктуу иш алып келе жаткан Түрк Кеңеши жана ТҮРКСОЙдун мындан аркы ишмердүүлүгүнө жакындан көмөктөшүү маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.
Мехмет Нури Эрсой мырза Ысык-Көл өрөөнүнө пландаштырылып жаткан Махмуд Кашкари атындагы маданий борбордун курулуш иштерин тездетүү маселесин өз көзөмөлүнө аларын белгилеп, орток мурастарды бүткүл Түрк Дүйнөсүнө таанытууда ар дайым колдоо көсөтүүсүн милдет деп эсептеди.
Жолугушуунун соңунда министр өз кесиптешин жылуу кабыл алганына ыраазычылык билдирип, кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын жаңы бийиктикке көтөрүү максатын ишке ашырууга чакырык таштады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button