2020-2021-окуу жылы бардык жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдарында 2020-2021-окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, ошондой эле пандемия маалында бүтүрүүчүлөрдүн саламаттыгын жана коопсуздугун сактоо максатында тиешелүү буйрук чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык 2020-2021-окуу жылы жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 25-майында аяктайт, ал эми 2020-2021-окуу жылы үчүн Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ушул жылдын 2-июнунан 13-июнуна чейин КР БИМдин 2020-жылдын 11-майындагы №361/1 буйругу менен бекитилген Убактылуу жобого ылайык өткөрүлөт.

«Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация (ЖМА) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча мамлекеттик аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүргөн IX жана XI класстардын окуучулары үчүн ɵткɵрүлɵт.

ЖМА ар бир жалпы билим берүү уюмунун окуу планына ылайык мектептин предметтик комиссиялары тарабынан жүргүзүлɵт.

Предметтик комиссиялар ар бир предмет боюнча окуучулардын учурдагы жана чейректик бааларын жана алардын туура коюлушун карайт. Предметтик комиссиялар жыйынтык бааларды чыгарууда текшерүү иштеринин, практикалык жана лабораториялык иштердин жыйынтыктарын жана окуучулардын чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алат»,-деп айтылат маалыматта.