Коом

Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону жаңы аба каттамы ачылды

“Ош” эл аралык аэропортунда “Азимут” авиакомпаниясынын Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону чартердик каттамы салтанаттуу тосуп алынды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, биринчи каттам менен Ошко 60 жүргүнчү учуп келди.

Белгиленгендей, алгачкы аба каттам  Ош — Ростов-на-Дону рейсине каттоо  майрамдык маанайда өттү.

Келген жана кетип жаткан жүргүнчүлөр каттамдын ыңгайлуулугун белгилешти. Ошол эле учурда, Ростов-на-Донуга 83 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.

“Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билеттердин баасына эч кандай таасир этпейт жана жөнгө сала албайт, ошондой эле билет сатуу менен алектенбейт. Баа саясатын авиакомпаниялар аныктайт, алар ички эрежеге ылайык ишке ашырылат”,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button