Коом
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы: Митингге чыккандардын курал берүү талаптарын аткаруу мүмкүн эмес
Бишкек шаарындагы өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар Баткен облусундагы чек араны коргоо үчүн аларга курал-жарак берүүнү талап кылышууда.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мындай талаптарды аткаруу мүмкүн эместигин, анткени мындай иш оор кесепеттерге алып келерин белгилейт.
«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле чек ара түзүмдөрүнүн эки жетекчиси Тажикстандын аймагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.