Коом

Чек арадагы Максат айылында турак үйлөрдун курулушуна капсула салынды. Сүрөт

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана КРнын Президентинин чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимовдор, Лейлек районунун Максат айылында жаңы турак үйлөрдүн курулушуна капсула салышты.
Жетекчилер курулуш компаниясынын өкулдөрүнө, курулуш иштерин ыкчам жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшыруу менен, аймакта калыбына келтирүү, курулушту жүргүзүү жаатында уюштуруу иштерине, жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөөрүн билдиришти.
Болуп өткөн окуядан Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.
Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тигилген. Электр энергия калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип жатат.
Максат айылында 1200 эл, 288 кожолук жашайт. Айылда чек арадагы жаңжалда бир жаран каза болгон.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button