Коом
Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунда эреже бузулганын көрдүңүзбү? Кабарлаңыз
Бишкек мэриясы шаардык кеңештин шайлоосуна даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө мыйзам бузулган учурлар катталса каякка кабарлоо керектигин жарыялады.
Шайлоо 11-июль күнү өтөт. 45 мандат үчүн 18 партиянын өкүлү ат салышып жатат.
Муниципалитеттен административдик ресурс колдонулган фактылар жана мэрия кызматкерлеринин шайлоонун жүрүшүнө кийлигишүүсү боюнча да даттанууга болорун айтышты.
Номерлер:
- Ленин району: 0 (312) 65-69-03, 0 (702) 92-72-88;
- Октябрь району: 0 (312) 57-89-00;
- Биринчи май району: 0 (312) 88-74-31, 0 (702) 92-72-88;
- Свердлов району: 0 (312) 43-38-63; 0 (706) 68-05-44;
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы — 0 (312) 38-24-26;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия — 1255, 0 (312) 66-02-40;
- Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматы — 0 (312) 43-71-68; 0 (312) 43-71-75.
Көрсөтүлгөн номерлерге WhatsApp аркылуу да сүрөт жана видеофактыларды жөнөтүүгө болот.