Коом
Өткөн суткада ковидден 10 бейтап каза болду. 1 398 кишиден вирус аныкталды
Өткөн суткада 1 398 кишиден коронавирус табылып, 1 037 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек шаары – 773;
- Ош шаары – 67;
- Чүй облусу – 177;
- Ош облусу – 73;
- Талас облусу – 11;
- Нарын облусу – 15;
- Ысык-Көл облусу – 52;
- Жалал-Абад облусу – 111;
- Баткен облусу – 119.
Жалпысынан Кыргызстанда 143 668 адам илдет илештирген. Анын ичинен 120 731и ооруну жеңген.
Айыккандар:
- Бишкек шаары – 593;
- Ош шаары – 43;
- Чүй облусу – 117;
- Ош облусу – 94;
- Талас облусу – 6;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Көл облусу – 32;
- Жалал-Абад облусу – 83;
- Баткен облусу – 59.
Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Анын ичинен бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Жалал-Абадда жана бирөө Ошто көз жумду. Пандемия башталгандан бери оору 2 133 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта ооруканаларда 4 675 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 358 бейтаптын абалы оор болсо, 228 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 56 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.