Коом

Өткөн суткада ковидден 10 бейтап каза болду. 1 398 кишиден вирус аныкталды

Өткөн суткада 1 398 кишиден коронавирус табылып, 1 037 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 773;
  • Ош шаары – 67;
  • Чүй облусу – 177;
  • Ош облусу – 73;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 15;
  • Ысык-Көл облусу – 52;
  • Жалал-Абад облусу – 111;
  • Баткен облусу – 119.

Жалпысынан Кыргызстанда 143 668 адам илдет илештирген. Анын ичинен 120 731и ооруну жеңген.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 593;
  • Ош шаары – 43;
  • Чүй облусу – 117;
  • Ош облусу – 94;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Баткен облусу – 59.

Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Анын ичинен бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, экөө Жалал-Абадда жана бирөө Ошто көз жумду. Пандемия башталгандан бери оору 2 133 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканаларда 4 675 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 358 бейтаптын абалы оор болсо, 228 кишиники өтө оор деп бааланды. Бир суткада 56 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button