Эл үнү

Чаткалдагы “Жамгыр” кенинде инвестордон акча өндүргүсү келгендерге чаралар көрүлөбү?

Инвестициялык климатты жакшыртуу жөнүндө көп сөз болот, бирок натыйжасы жок. Өкмөт, жер кендери боюнча иш алып барган тийешелүү министрлик жергиликтүүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө ийгиликке жетише албай койду. Маал маалы менен жергиликтүү элдин кенди иштетип аткан инвесторлорго кол салып, алардын мүлктөрүн, жабдууларын талкалап, ультиматумдук талаптарды коюусу адатка айланды. Чаткалдагы Жамгыр кенинде кезектеги ошондой көрүнүш орун алды. Аталган кенде «Глобал Джамгыр Майнинг» компаниясы өндүрүш фабрикасын куруп келатканы белгилүү.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, минтип талаптарды коюп, компаниянын аймагына күчтөп кирүүгө, саботаж уюштурууга эч кандай негиз жок. Анткени, эл башка жакка  көчүрүүнү талап кылып жаткан калдыктарды сактоочу жай  (хвостохранилища)  жергиликтүү эл менен макулдашылып, бир канча жолу эл менен коомдук угуу болуп өткөндөн кийин курулган. Калдыктарды сактоочу жай бардык норма, талаптарды сактоо менен курулуп, депутаттык комиссия тарабынан бир канча жолу  текшерилип, оң корутундулар чыгарылган. Бир сөз менен айтканда, жергиликтүү элдин макулдугу, колдоосу менен болгон.

«Бир карын майды бир кумалак иритет» дегендей, буга жалпы жергиликтүү элди күнөөлөөгө болбойт. Басымдуу көпчүлүк кендин иштетилүүсүн колдойт, себеби, жергиликтүү бюджетке киреше түшөт, социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк ачылат,  ондогон адамдар жумуш менен камсыз болуп келүүдө. Өздүк маалымат булактары мындай аракеттердин артында элди компанияга каршы тукуруу менен жеке кызыкчылыкты көздөгөн 4-5 адам турарын билдиришти. Алардын негизги уюштуруучуларынын бири Бишкектен атайын барган чаткалдык жаран экени да белгилүү болду. Алардын максаты – компанияга  ультиматумдук талаптарды коюу аркылуу компаниядан акча өндүрүү, пайда көрүү. Ал эми көпчүлүк эл жөн гана алардын куралына айланууда.

Кен тармагын тескеген министрлик, өкмөттүн тийешелүү адамдары жаралган чырды чечүү үчүн ыкчам чараларды көрбөстөн каякты карап отурушат? Эмнеге ал жерге барып, эл менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт? Укук коргоо органдары инвестициялык климатка көлөкө түшүрүп, элдин, өлкөнү кызыкчылыгына каршы иш алып барып жатышкан уюштуруучуларды, «зачинщиктерди», провокаторлорду  аныктап, кармап, мыйзам чегинде жоопкерчиликтерин карашы керек! Эмнеге саналуу адамдардын айынан жалпы инвестициялык климатка шек келтирилип, андан эл, инвесторлор жабыркашы керек?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button