Коом

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү агенттикттер өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Алардын айтымында, бул тууралуу азырынча расмий түрдө жарыялана элек, бирок жетекчи коллектив менен коштошуп жатат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Эске салсак, Рыспек Сарпашев муниципалдык ишкананы 2010-2012, 2014-2018-жылдары жетектеген. 2018-жылдын августунда ал турак-жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп дайындалган, андан кийин 2019-жылдын октябрында кайрадан «Тазалыкты» жетектеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button