Коом

Бишкекте КР Эл акыны Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды

Бишкекте бүгүн сатирик жана фельетончу, КР Эл акыны Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, маркумду акыркы узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов баштаган замандаштары, калемдештери, маданият өкүлдөрү, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Эдиль Байсалов коштошуу сөзүндө Жолочу Рысбаев кыргыз элинин улуттук адабиятынын, маданиятынын, көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө, руханий байлыгын арттырууга зор салым кошконун белгилеп, анын чыгармалары, курч сатиралары, обондуу ырлары, теле-радиого даярдаган берүүлөрү кыргыз казынасынын кенчи болуп сакталса, өзүнүн элеси жүрөктөрдө бекем сакталарын айтып, үй-бүлөсүнө жакындарынын аза кайгысын тен бөлүштү.

Министр Алтынбек Максутов Жолочу Рысбаев нагыз мырза мүнөз, мекенчил, жутунбаган, ойдогусун түз, таамай айткан, куйкум сөздүү адам болгонуна, ырлары аркылуу да өзүнүн жарандык позициясын ачык, тартынбай так айткан, чыгармалары аркылуу тирүүлүктүн ар кандай көйгөйлөрүнө ой чаргыткан акын болгонуна токтолуп, анын чыгармачылыгы, жасаган эмгектери жаштарга өрнөк болот деген ишеничин айтты.

Ошондой эле КР Эл акыны Кыялбек Урманбетов, Эл жазуучу Кайрат Иманалиев, Ысык-Көл телерадиокомпаниясынын жетекчилигинин атынан акын, журналист Турганбек Жунушалиев, жакындарынын, туугандарынын атынан “Түп” коомунун төрагасы Мукаш Мамбетов сөз сүйлөп, акындын чыгармачылык жолун, адамдык парасатынын бийиктигин айтып өтүштү.

Жолочу Рысбаев 75 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button