Коом

Энергокомпанияларды оптималдаштыруудан 1,7 миллиард сом акча үнөмдөлдү, ал карыздарды жабууга жумшалат

Энергетика тармагынын 28 жыл ичиндеги тышкы карызы 2,2 млрд долларды түзсө, учурда техникалык жабдуулардын 70%дан ашыгы эскирген абалда. Бул тууралуу 25-январда министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында Төрага Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2021–2022-жылдардын күз-кыш мезгилин өткөрүүгө республикалык бюджеттен 3,3 миллиард сом бөлүнгөн, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыз болушу тармактын бардык көйгөйлөрүн ачыкка чыгарган.

«Тышкы карызды жабууга 1,7 млрд сомго бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды оптималдаштырууда үнөмдөлдү», — деди Жапаров.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button