Эл үнү

Ишкер Нурбек Осмонов: “Чаткал районуна чакан ГЭСтерди курабыз”

Чаткал районунда жаңырган жыл жакшы саамалыктар менен башталды. Атап айтканда, 10-январда  Кыргызстанга белгилүү ишкер, “Кыргыз Каганат Инвест” ишканасынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Нурбек Осмонов тийиштүү адистери менен Чаткал районуна келди. Бул тууралуу  Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлады.

 

Ишкердин алыскы тоолуу районго келгендеги негизги максаты-Чаткал дарыясына чакан ГЭС куруу үчүн жер шарты менен жакындан таанышуу.

Ишкер Нурбек Осмоновду Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алтынбек Сеңирбаев баштаган райондук жетекчилик жылуу тосуп алды.

Жолугушууда район башчысы Алтынбек Сеңирбаев жаңырган жыл район үчүн минтип, жакшы саамалык менен башталып жаткандыгын айтып, Чаткал району үчүн чакан ГЭСтерди куруу келечектүү жана пайдалуу жумуш экендигин кошумчалады жана райондук жетекчилик чакан ГЭСтерди куруу ишине ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин, ошондуктан мындай олуттуу жумушту кеңешип жасоо керектигин белгиледи.

Ишкер Нурбек Осмонов чакан ГЭС курууга өзү жетектеген ишкананын бардык шарты жана даярдыгы жетиштүү экендигин айтып, учурда ишкана тарабынан Баткен облусунун Козу-Баглан жана Талас облусунун Итагар дарыяларына чакан ГЭСтер курулуп жаткандыгын, мындан тышкары, ишкананын ГЭСке керектүү шаймандарды куроочу заводу бар экендигин кошумчалап, Чаткал дарыясынын чакан ГЭС курууга ылайыктуу жерлерин көрүп, ага ылайык бир чечимге келээрин маалымдады.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Топчубек Эшбаев райондун экономикасынын өнүгүүсүндө инвесторлордун ролу зор экендигин, ошондуктан райондук жетекчилик тарабынан районго келген инвесторлорго мүмкүн болгон шарттардын баары түзүлүп берилээрин билдирип, бул жаатта тийиштүү жумуштар райондук жетекчилик жана тиешелүү мекемелер тарабынан өз учурунда бүткөрүлүп берилээрин кошумчалады.

Андан соң, район башчысы Алтынбек Сеңирбаев жана ишкер Нурбек Осмонов баштаган топ Чаткал өрөөнүнүн чакан ГЭС курууга ылайыктуу деп болжолдонгон Ак-Таш капчыгайына, Чандалаш капчыгайынын төмөнкү тарабына барышып, жеринде таанышышты.

Ишкер Нурбек Осмонов бул жерлердин чакан ГЭС курууга ылайыктуу экендигине ынангандыгын билдирип, Чаткал өрөөнүнө үч чакан ГЭС куруу ишине жакынкы күндөрдө даярдык көрүп баштаарын айтты.

Аким Алтынбек Сеңирбаев район тарабынан чакан ГЭС курууга тийиштүү жумуштар өз убагынан кечикпей  жасалып берилээрин айтып, ишкер Нурбек Осмоновдун Чаткал районуна жумуш сапары менен келишине жеке салымдарын кошкон чаткалдык жигиттер — КР. ЖК мурдагы депутаты Алайбек Алымбаевге жана “Мекенчил” коомдук бирикмесинин төрагасы Канатбек Акылбековго ыраазылык билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button