Жогорку Кеңеште 8 профилдик комитет түзүү сунушталууда
Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия 8 профилдик комитет түзүүнү сунуштады.
Парламент төрагасынын 4 орун басары тууралуу сунушу өзгөргөн жок. Бул боюнча жана комитеттер боюнча чечимди ЖК кабыл алат.
29-30-декабрда ЖКнын VII чакырылышынын депутаттары парламенттин түзүмүн беките алган эмес.
АКИpress агенттигине маалым болгондой, комиссия агрардык комитетти Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинен бөлдү.
Ошентип, төмөнкү комитеттерди түзүү сунушталууда:
— Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
— Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;
— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;
— Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;
— Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;
— Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;
— Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш боюнча комитет;
— Агрардык саясат, региондорду өнүктүрүү боюнча комитет.