Коом

Жогорку Кеңеште 8 профилдик комитет түзүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссия 8 профилдик комитет түзүүнү сунуштады.

Парламент төрагасынын 4 орун басары тууралуу сунушу өзгөргөн жок. Бул боюнча жана комитеттер боюнча чечимди ЖК кабыл алат.

29-30-декабрда ЖКнын VII чакырылышынын депутаттары парламенттин түзүмүн беките алган эмес.

АКИpress агенттигине маалым болгондой, комиссия агрардык комитетти Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинен бөлдү.

Ошентип, төмөнкү комитеттерди түзүү сунушталууда:

— Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

— Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;

— Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;

— Финансылык-экономикалык саясат боюнча комитет;

— Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;

— Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет;

— Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш боюнча комитет;

— Агрардык саясат, региондорду өнүктүрүү боюнча комитет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button