Эл үнү

Элди урууларга бөлүп, шылдыңдаган мамкурулуштун жетекчиси Сатышовго чара көрүлөбү?

2020-жылдагы бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин, кыргыз коомчулугунда мамлекеттик кызматка жаңы жүздөр, жаштар, аброюу таза адамдар келсин, башкача айтканда, люстрация болсун деген талаптар жаңы бийликке коюлган болгон.

Тилекке каршы, «Бир карын майды чириткен кумалактар» бар. Айтсак, мамлекеттик кызматка Президент Садыр Жапаровдун жакындарынын жардамы менен келгенин айтып, аттарын сатып, курулуш тармагын каалагандай калчаганы аз келгенсип, акыркы убакта кыргыз элин жана кол алдында иштеген мамлекеттик кызматкерлерди уруу-урууга бөлүп, мазактаган жетекчи Сатышов тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Ханбийке Асанова төмөнкүдөй пикирин жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Бөлүнгөндү бөрү жейт, жарылганды жоо алат!»

“Урматтуу КР Президенти Садыр Жапаров

КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев

КР Башкы Прокурору Курманкул Зулушев

КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агентствонун директору Сатышов Токтомамбет Сатышович өзү эмгектенген ишкананын коллегиясында чыккан чатактан улам, чырдашкан адамдарына эле асылбай бүтүндөй ичкилик элинин беделине шек келтирип «Жакшылыгы жок ичкилик элинен эч качан жакшылык күтпөш керек!» — деп эмне үчүн түптүү, тектүү, хандар чыккан улуу ичкилик элинин шылдыңдайт?!

Ага ким уруксат берди?! Бүгүн, кыргыз эли бир туунун астында биригип, бир муштумдай түйүлүп ынтымакта боло турган учурда, гилтейген мамлекеттик кызматтын башында туруп пайгамбар жаштан ашкан аксакалдар алжыганын адам катары түшүнүү мүмкүн эмес!

Бул боюнча КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбековичке кат барганы маалым. Тилекке каршы чара көрүп, көзөмөлдөөнүн ордуна кайдыгерлик кылып карабай койгон. Ушундай ынтымакка чакыргандын ордуна ыдыраткан кызматкерлериңизге оозуна алы жеткидей чара көрүп берүүңүздөрдү өтүнөм.

Мен дагы ичкиликтин кызы катары ата-бабамды сөктүрүп, сөөгүнө сөз тийгизүүгө жол бербейм! Ошондой эле бүтүндөй беделдүү, хандардын ордосу болгон улуу ичкилик элинин алдында кечирим суроосун талап кылам» — жазган Асанова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button