Эл үнү

Таластын жогорку зонасы неге нааразы?

Бүгүнкү күндө КР өкмөт мүчөлөрү болгон Тышкы иштер министри Р.Казакбаев, Ички иштер министри У.Ниязбеков, Юстиция министри А.Баетов, Финансы министри А.Бакетаев  Кара-Буура районунан, Энергетика министри Д.Бекмурзаев Манас районунан, Маданият жана Маалымат министри А.Жаманкулов Бакай-Ата районунан.

Азыркы учурда Талас областынын губернатору Б.Нарбеков Кара-Буурадан, биринчи орун басары К. Осмонбеков да Бакай –Ата райондорунан. Буга чейин да бир топ жыл Кара-Бууралык Б.Мураталиев, М.Мураталиевдер областты жетектеп келди. Ага чейин Бакай –Аталык Д.Кенекеев область башчысы болуп келген.

Ошол эле учурда 10.02.2022-ж. карата Талас районунда жайгашкан Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧК тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге — 4 млрд 520 млн сом түштү. Алтынды сатуудан түшкөн акчалай пайдадан – 1 983 519 281 сом суммасында салыктар боюнча төлөмдөр жүргүзүлүп жатат.

«Акчалай пайдадан 2% өлчөмүндө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармоого карата» беренеси боюнча 10.02.2022-ж. карата жергиликтүү Талас облусунун чегерилген төлөмдөр – 254 692 044 сомду түздү.

Жакында эле Жерүй кенинин толук кандуу иштеши менен Талас областы толук дотациядан чыкканы маалым болду.

Мындан тышкары, “Альянс Алтындын” өзүндө, анын подрядчиги болуп иштеген компанияларда жалпысынан 1300 гө чукул адам эмгектенип, эң жогорку деңгээлдеги айлык маяналарды алып жатышат.

Мындан тышкары, Жерүйдүн кожоюну болгон “Альянс Алтын” компаниясы түптөгөн “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондунда 750 млн сом айланууда. Бул фонддун жетекчилери да үстөкө-босток Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунан болуп келет. Ушул күндөрү да Б.Качкыналиев деген Кара-Бууралык жигит директор болуп олтурат.

Эми сөздүн ток этээр жери, республикалык, областтык деңгээлде ушунчалык жакшылыгын берип келаткан Жерүй кени жайгашкан Талас районунан жок дегенде бир министр болсо деген ой. Талас районунун Жерүй кени жайгашкан аймагынан Талас областына губернатор дайындалса жергиликтуу элдин нааразычылыгы болбойт эле. Ошондой эле, “Альянс Алтын” компаниясы туптогон “Бакубат Талас” фондуна Талас районунан директор дайындалса мезгилдин талабына ылайык болмок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button