Коом

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болду

Бишкек шаардык муниципалитетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Жамалбек Ырсалиев кайрадан вице-мэр болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымака ылайык, Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри, Сазыкулов Максатбек Шекербекович Биринчи май районунун башчысы болуп дайындалды.

Садырбеков Азиз Садырбекович КР президентинин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти кызматынан ротациялоо менен мэриянын аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button