Саясат
Муратбек Азымбакиев Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Азымбакиев Муратбек Абакирович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.