Коом
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу калың карга байланыштуу жабылды
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда кар калың жаагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейин каттоочу каттам токтоп, кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда.
Жерине №3 жол тазалоочу ишканадан бир жүктөгүч тартылып, жол тазалоо иштери жүрүүдө.