Экономика
Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулга 27,3 млрд сом каржыланды
2022-жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөкпулга 27 млрд 326,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Алсак:
- Бишкек шаары — 4 млрд 413,3 млн сом
- Чүй облусу — 4 млрд 131,5 млн сом
- Нарын облусу — 2 млрд 171,9 млн сом
- Ысык-Көл облусу — 2 млрд 486,9 млн сом
- Талас облусу — 1 млрд 131,5 млн сом
- Ош шаары — 979,8 млн сом
- Ош облусу — 5 млрд 012,3 млн сом
- Баткен облусу — 2 млрд 299,6 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 4 млрд 700 млн сом.
Үстүбүздөгү жылдын июнунда пенсия жана жөлөкпулдарга 4 млрд 580 млн сом бөлүнгөн.