«Дордой» ассоциациясынын президенти, меценат Аскар Салымбеков Лейлек районунун Максат айылына өз каражатына бала бакча куруп берди. Бул тууралуу редакциябызга жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалыматка ылайык, сметалык баасы 31 млн. сомду түзгөн бала бакчанын ачылыш аземине Баткен облусунун губернатору, райондун акими, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.
“Чек арада калкын болгон элге бала бакча куруп берген берешен ишкер агабыз Аскар Салымбековго жалпы коомчулуктун атынан ыраазычылык жана алкыш айтабыз”, — дейт айыл тургундары.
Белгилей кетсек, Максат айылы өткөн жылы чек ара жаңжалында тажик аскерлери тарабынан өрттөлүп, тонолгон. Түркия мамлекети ураган үйлөрдү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөткөн. Кайрымдуулуктан чогулган каражатка айылдын инфраструктурасы жаңыланып, айылдын кире беришине дарбаза орнотулган.