Экономика
Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,9% өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 453 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын маалыматына караганда, көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9% өскөн.
Керималиева ИДПнын өсүшү өнөр жай тармактары тарабынан камсыздалгандыгын кошумчалады. Товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 7,6%ы түзгөн.