Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 18-ноябрда, Киото шаарында чай аземине катышты.

Мамлекет башчысына жана анын жубайына чай даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Японияда чай ичүү каада-салттары жөнүндө кеңири айтып беришип, андан соң чай аземинин чебери даамдуу суусундук сунду.

Японияда чай ичүү — бул бүтүндөй бир искусство. Япон тилинде «чай аземи» деген сөз айкашы садо (тядо) деп айтылат, бул сөзмө-сөз «чай жолу» дегенди билдирет.