Коом

Балыкчыда «Бузулбас боордоштук–2023» машыгуусунун ачылыш аземи өттү

Бүгүн «Эдельвейс» полигонунда Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук–2023» машыгуусунун активдүү фазасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуунун негизги максаты — ЖККУнун тынчтыкты сактоо бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жана өздүк курамынын практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат. Ошондой эле жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда тынчтыкты сактоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө аскер бөлүктөр менен кошуундардын шайкештигин жогорулатуу болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө бийик тоолуу шарттарда кризистик зонада конфликтен кийинки жөнгө салуу – ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен тынчтыкты сактоо операциясын өткөрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү маселелери иштелип чыгат.

Практикалык иш-аракеттерде ЖККУга мүчө мамлекеттердин ӨКМ, ИИМ, УКМК Жамааттык күчтөрү менен бирдикте блокпосттордо жана жабыркагандарды кабыл алуу пункттарында, колонналарды жана жүктөрдү коштоодо, калктуу конушту бошотууда, «барымтадагыларды» куткарууда жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө окуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууну көрсөтүлөт.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темировдун жетекчилиги алдындагы «Бузулбас боордоштук–2023» машыгуусуна Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн улуттук контингенттери, ЖККУнун Бириккен штабынын жана Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.

Машыгууга бардыгы болуп 1500гө жакын аскер кызматчылары, 200дөн ашык атайын-бронетанкалык жана автомобилдик техникалар, аскердик штурмалык жана транспорттук авиация, учкучсуз авиация жана күжүрмөн катерлер тартылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ошто «Түштүк Экспо – 2023» көргөзмө-жарманкеси башталды

Бүгүн С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Бүткүл дүйнөлүк туризм күнү” белгиленип, VII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО – 2023” көргөзмө-жарманкесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага КР Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Өзбекстан Республикасынын Соода өнөр жай палатасынын, Беларусь, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия, Кытай, Иран, Оман, Германия мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү катышты.

Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, шаардагы жогорку окуу жайлардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.

Иш-чара үч күнгө созулат. Анын алкагында «Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк» аталышында бизнес-форумду өткөрүү болжолдонууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы Соцфонддун бюджетинин профицити 13 млрд сом болору күтүлүүдө

Бул жылы бюджеттин профицити 13 млрд сом болот деп күтүп жатабыз. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдириди.

Анын айтымында, 2021-жылы Социалдык фонд 2 млрд сом бюджеттин профицити менен чыккан, ал эми 2022-жылы профицит 10 млрд сомду түзгөн.

«Азыркы учурда Соцфонддо пенсияларды көбөйтүүгө 30 млрд сом бар жана кийинки жылдары дагы төлөмдөрдү камсыздай алабыз», — деп кошумчалады ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Бишкекте Кыргызстан жана Палестина ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Бүгүн, 28-августунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан жана Палестинанын тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде расмий кыргыз-палестин сүйлөшүүлөрү башталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын тышкы иштер жана экспатрианттар министри Рияд Аль-Малики менен регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Тараптар ошондой эле кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулап, ошондой эле түрдүү тармактарда кызматташуу тууралуу бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Коргоо министри Москвада «Армия-2023» эл аралык форумуна катышты

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен 14-16-августта Москва шаарында тп жаткан Эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясына жана «Армия-2023» эл аралык аскердик-техникалык форумга катышты.

 

КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы «Армия-2023» форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери таанышты.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты.

Ошону менен бирге Москва конференциясынын алкагында Бекболотов РФ коргоо министринин орун басары А.Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Алтынбек Абдувапов: 2023-жылдын май айында жыйналган салыктын суммасы 16 млрд сомду түздү

2023-жылдын май айында жыйналган салыктын суммасы 16 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, министрлер кабинетинин жыйынында  Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуу, экономика тармактарын талдоо, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштердин жана салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн аркасында салыктардын жыйноосун олуттуу жогорулатууга жетише алды.

Алсак, 2021-жылдын январь айында 6,5 млрд сом салык чогулган болсо, 2022-жылдын октябрында 13,5 млрд сом жыйналган.

2023-жылдын май айында жыйналган салыктын суммасы 16 млрд сомду түздү, ал эми быйыл октябрь айында 18 млрд сом жыйноо боюнча тийиштүү чаралар каралууда.

2024-жылы ай сайын жыйналуучу салыктардын суммасын 20 млрд сомго чейин жогорулатуу пландалууда.

Слайдда көрсөтүлүп тургандай, жыйналган салыктардын суммасы жыл сайын олуттуу өсүүдө.

Акыркы 3 жылдын 6 айынын жыйынтыгын алсак, 2020-жылдын 6 айында 33,5 млрд сом, 2021-жылы – 46,9 млрд сом, былтыр болсо – 73,6 млрд сом чогултулган.

Ал эми 2023-жылдын 6 айында 84,5 млрд сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 100 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп же өсүү ыргагы 114,7 %ды түздү.
Пландык көрсөткүчтөрдү аткаруу факторлорунун бири салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү болуп саналат. Ошондой эле, салык жол-жоболорун өркүндөтүү, контролдоону оптималдаштыруу жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Салык кызматы экономиканын ар кайсы тармактарына системалуу талдоо жүргүзүп турат, бул ишкерлер тарабынан салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлорун аныктоого жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берди. Белгилей кетсем, бул жаатта алгылыктуу иштер укук коргоо органдарынын, анын ичинде Улуттук коопсуздук комитетинин жардамы менен ишке аша алды.
Мындан тышкары, контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик чечимдерди киргизүү салык жыйноону жакшыртууда чоң роль ойноду.
Слайдда көрүнүп тургандай, салыктардын дээрлик бардык түрлөрү боюнча өсүү темпи 2 эседен 3 эсени түздү.

Технология өнүгүп турган доорунда кассалык машиналар салык салуунун адилеттүү жана ачык системасын түзүүдө алдыңкы курал болуп калды.
Кассалык машиналардын санын көбөйтүү мамлекетке өзүнүн социалдык программаларын кеңири ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.
Азыркы учурда салык кызматы субъекттердин ККМдерин контролдоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген кассалык машиналарды башкаруунун жаңы системасын колдонууда.
Жаңы системанын артыкчылыктары болуп кассалык машиналардан маалыматтар оперативдүү реалдуу убакытта түз салык кызматына келип түшүүсү. Башкача айтканда, маалымат берүүдө ортомчул уюмдары жок. Ортомчул уюмдар (ОФД) жок маалыматты түз алуу салык төлөөчүлөргө кассалык машиналарды тейлөө аксынын өлчөмүн түшүрүүгө шарт түздү.

Жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Акыркы 2 жылдын ичинде контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, 2023-жылдын жыл башына карата 65 422 ККМди түздү.

ККМди колдонгон субъекттердин мындай үч эсеге көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле 10 миңден ашык гибриддик ККМди ишкерлерге бекер таратуунун натыйжасы болду.

Ошондой эле, ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы да өз салымын кошту.

Ушул слайдда облустар, Бишкек жана Ош шаарларында катталган ККМ боюнча маалымат келтирилген.

6 айда республика боюнча ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер урулган

2022-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматы Министрлер Кабинетинин колдоосу менен «Чек талап кылып, байге утуп ал» кызыктыруучу лотерены өткөрүп келүүдө.

Салык кызматы өткөрүп жаткан Лотереянын негизги максаты – жарандарды кассалык чектерди талап кылууга үндөө, бул ишкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерин азайтууга жана адилеттүү экономикалык чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт.
Быйыл лотереянын утушуна 2376 баалу байге коюлган, анын ичинде башкы байгелер – Бишкектен 10 батир жана 20 электромобиль.

Электрондук эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн талдоонун жүрүшүндө «электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасына жакшыртуулар киргизилди, алар кошумча нарк салыгынын түшүүсүн жогорулатууга өбөлгө түздү
Салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун натыйжасында, айрым соода борборлору боюнча салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпи өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 123,8 %дан 386,8 %га чейин жогорулады
2020-жылдын 31-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин «электрондук эсеп-фактура» маалымат тутумунда катталган субъекттердин саны 5 эсеге көбөйүп, 49 201ди түзөт.

Бул слайдда жазылган эсеп-фактуралардын жана сумманын көбөйүү динамикасы чагылдырылган.

2023-жылдын 1-январынан тартып 1 триллион 71 млрд сомго 8 млн 449 миң электрондук эсеп-фактура жазылды.
Салык кызматы 2022-жылдын декабрынан тартып кошумча нарк салыгын башкарууну өркүндөтүү максатында «КНСти контролдоо системасы» ишке киргизди.

Системанын жардамы менен салык кызматкерлери КНСти эсептөөнүн, төлөөнүн тууралыгын жана толуктугун контролдой алышат, анын ичинде КНСтин отчеттуулугу боюнча салык төлөөчүлөргө камералдык салык текшерүүлөрүн жүргүзө алышат.

Система пайдалануу салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы карама-каршылыктарды издеп ыкчам жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү бир катар чет өлкөлүк компаниялар республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышып, «Google салыгын» төлөшүүдө.
Учурда 43 чет өлкөлүк компания Кыргызстандын бюджетине тийиштүү салыктарды төлөөдө.

Урматтуу кесиптештер, бул слайдда көрсөтүлүп тургандай, ички продукциядан КНСтин үлүшү өсүүдө.
Демек, бул өлкөнүн ички өндүрүшүнүн көбөйүшүн тастыктап турат

Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн алкоголдук продукциядан акциздик салыгынын жыйналышынын туруктуу өсүү тенденциясы байкалууда.
Буга бирден-бир себеп болуп алкоголдук продукциянын жүгүртүүсүнө көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана акциздик маркалардын жаңы дизайнын киргизүү саналат.
2022-жылдын 1-жарым жылдыгында акциз салыгынын орточо бир айлык түшүүсү 78,5 млн сомду түзгөн болсо, быйыл бул цифра 3 эсеге жогорулап, 240 млн сомду түздү.

Мында, Кыргыз Республикасынын Президентинин С.Н.Жапаровдун спирт өндүрүшүнө мамлекеттик монополияны киргизүү чечиминин негизинде алкоголдук продукциянын мыйзамсыз өндүрүшүн жоюу, акциз салыгынын көбөйүү тенденциясына карата ролун белгилейбиз.
Ошентип, монополия киргизилгенге чейин арактан акциздин орточо бир айлык түшүүсү 39,6 млн сомду түзсө, декабрь айынан кийин 362,5 млн сомго жеткен.

Мындан тышкары, киреше салыгын башкарууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Киреше алган жана отчет берген ар бир адам боюнча маалыматтар талданууда.
Алар боюнча Статистикалык комитеттин бир айлык орточо эмгек акы боюнча маалыматына ылайык көрсөтүлүүсү боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Ошентип, киреше салыгынын базасын көбөйтүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйымдарына да таасирин тийгизди.
Мисалы, слайдда көрсөтүлгөн субъекттерден түшкөн киреше салыгынын суммасы былтыркы жылга салыштырмалуу 170 пайыздан 290 пайызга чейин өстү.

Ишкердик субъекттерин бирдиктүү салыкка которуунун натыйжасында, коомдук тамактануу чөйрөсүнүн субъекттери боюнча салыктык түшүүлөр олуттуу көбөйдү
Алсак, 2022-жылы 240 % өсүү темпи менен жыйналды
2023-жылдын 6 айында болсо 729 млн сом салык түштү же былтыркы жылга салыштырмалуу 2,6 эсеге өстү
Айрым коомдук тамактануу субъекттери боюнча салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпи 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эседен 6 эсеге чейин өстү.

Салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагында транспорт каражаттарына жана кыймылсыз мүлккө салыкты эсептөө жана төлөө автоматташтырылган.
Натыйжада, мүлк салыгын чогултуу деңгээли жогорулады.

Алсак, 2023-жылдын 6 айында 1,9 млрд сом түштү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 131,4 % түздү.
Товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, 2022-жылдан тартып «Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз» маалыматтык системасы иштөөдө жана учурда бул система өлкөдө жүгүртүүдөгү товарлардын бардык түрлөрүнө колдонууда.

2023-жылдын 17-июлуна карата ЭТТН системасында 74 602 активдүү колдонуучу катталган, аларда 85 399 Активдүү товарларды эсепке алуу кампалары бар.
ЭТТН маалыматтык системасы ар бир кампа боюнча реалдуу убакыт режиминде товарларды контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн түздү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына эсепке алынбаган товарларды алып кирүүгө тыюу салуу жана өлкөнүн аймагында товарладын жүгүртүүлүшүн көзөмөлдөө боюнча күчөтүлгөн иштер жүргүзүлүүдө.
Товарларга байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында, салык кызматы “Жыйынды пост”, ЭТТН, электрондук эсеп-фактура, “Ички пост”, ККМ маалыматтык системаларын ийгиликтүү колдонуп келүүдө.

Учурда салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөө боюнча тийиштүү шарттар түзүлдү.

Алсак, салыктарды бардык банк мекемелериндеги кассалар, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөсө болот.

Быйыл салыктарды «салык төлөөчүнүн жеке кабинети» аркылуу салыктарды онлайн төлөө системасы ишке кирди.

Быйыл Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо системасын ишке киргизди.

Сервис Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ишкерлерди салыктык каттоо процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштей баштады.

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!
Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында коюлган милдеттерди жигердүү ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди алып барууда. Мындан ары да салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн толугу менен жыйноо багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлө берээрине Сиздерди ишендирип кетким келет.
Рахмат!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30% көбөйтүлдү

 2023-жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоо 30%га көбөйтүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Кыргызстанда өтүп жаткан «протездик-ортопедиялык тармак үчүн заманбап чечимдер жана технологиялар» эл аралык конференциясында билдирди.

Конференция Эмгек министрлигинин алдындагы Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан «МЕТИЗ өндүрүш» ЖЧКнын колдоосу менен уюштурулуп, 15 өлкөдөн: Германия, Россия, Түштүк Корея, Түштүк Африка Республикасы, Италия ж. б. протездик-ортопедиялык тармактын өкүлдөрүн чогултту.

«Президент Садыр Жапаров тарабынан чоңдордун жана майып балдардын жашоосун жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Пособие, интернаттардагы тамак-аш үчүн акы төлөө, персоналдык ассистенттерге төлөмдөр эки эсеге көбөйтүлдү.

Мамлекет башчысы тарабынан майыптыгы бар адамдарга көңүл буруунун көрсөткүчү катары балдардын церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу диагнозу коюлган 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбордун ачылышы болду.

2023- жылы протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоого жана оңдоого каржылоонун 30% га көбөйүшүнүн аркасында 57,5%га көп балдар жана чоңдор ар кандай кызматтарды ала алышты. Беш айдын ичинде Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин буюмдары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен 11 миңден ашуун адам камтылды», — деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.

2020-жылдан баштап майыптар боюнча министрлер кабинетинин чечимдери алардын түздөн-түз катышуусу менен кабыл алынышы маанилүү. Мына ушундай документтердин бири 2030-жылга чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана башка кыймыл-аракети чектелген жарандар үчүн “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы болду”.

“Ошондой эле “Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруунун алкагында жарандарды күбөлөндүрүүгө жиберүү, медициналык-социалдык эксперттик комиссияда майыптык фактысын аныктоо процессин автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деди министр өз сөзүндө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстан 2023-жылга карата Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча 45-орунда жана БА өлкөлөрүнүн ичинен алдыда

Туруктуу өнүгүү боюнча 2023-жылдагы отчетуна  ылайык,  (Sustainable Development Report 2023) Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча Кыргыз Республикасы изилденген 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду (74,4 балл) ээледи. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Рейтинг боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда алдыңкы өлкөлөр Финляндия, Швеция жана Дания болду.

Рейтингде ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстандан кийин Орусия (49-орун), Армения (56-орун) жана Казакстан (66-орун) турат. Рейтингде 34-орунду ээлеген Беларусия гана  өйдөрөөк турат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети маалыматтарды чогултуу, 2030-жылга чейинки күн тартибине статистикалык маалыматтарды даярдоо жана ТӨМгө байланыштуу далилдердин базасын түзүү боюнча аракеттерди координациялоо үчүн жооптуу негизги орган болуп саналат.

Алсак, глобалдык отчетто Кыргызстандын статистикалык эффективдүүлүк индекси 81,5 баллды түзүп, Борбордук Азиядагы эң жогорку көрсөткүч экени белгиленген (Казакстан – 78,2 балл, Өзбекстан – 70,6 балл, Тажикстан – 53,4 балл).

Бүгүнкү күндө Улуттук статистикалык комитет ТӨМдүн 172 индикаторуна мониторинг жүргүзүүдө, анын ичинен 110у глобалдык жана 61и улуттук болуп, жеткиликтүү бөлүштүрүү менен, ошондой эле алар боюнча метамаалыматтарга (методологияга) мониторинг жүргүзүүдө.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин ТӨМ үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүү тажрыйбасы БУУнун 2020-жылдагы глобалдык отчетунда ТӨМ үчүн улуттук мониторинг системасын куруунун ийгиликтүү мисалдарынын бири катары берилген. Бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы да 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибин ишке ашырууга умтулат жана жетишилген натыйжа Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча бекем ниетин тастыктайт», — деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө.

Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу башталгандан бери Кыргыз Республикасы бир катар маанилүү эл аралык келишимдерди, анын ичинде БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялады, алар Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн  прогрессти тездетүүдө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Чолпон-Атада «Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт

Чолпон-Ата шаарында «Ысык-Көл 2023» эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Форум 2023-жылдын 27-июлунда “Рух-Ордо” этномаданий борборунда өтөт.

Иш-чара Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду түзүү үчүн аянтча катары кызмат кылат, бул келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жол ачат.

Иштин багыттары энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот.

Делегациялардын кеңири курамын эске алуу менен атамекендик ишкерлер үчүн өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана бизнес сектордун өкүлдөрүнүн арасында ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берилет.

Буга байланыштуу улуттук агенттик кызыкдар ишкерлерди бул иш-чарага катышууга чакырат. Байланыш номерлери: 0312300232; +996222012000.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Быйыл «Ысык-Көл досторун чакырат-2023» этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат

Быйыл «Ысык-Көл досторун чакырат-2023» этно-карнавалына 400дөн ашуун бала чогулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Иш-чара 7-июлдан 12-июлга чейин Ысык-Көлдө өтүп, ага Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышат.

Билим берүү жана илим министри бүгүн “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушту.

Министр өз сөзүндө этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.

“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем», — деди ал.

Этно-карнавал президенттин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

Этно-карнавалдын максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

2023-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүн — «алтын сертификаттардын» ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өлкөнүн жалпы билим берүү мекемелеринин «алтын сертификаттардын» ээси болгон бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Садыр Жапаров «алтын сертификаттардын» ээлерине жана жогорку балл алгандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин мактоо грамоталарын, эстеликке белектерди тапшырды.

 

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин 54 бүтүрүүчүсү «алтын сертификаттарга» ээ болду, алар:

— Кызжибек Жээнбекова — Ош шаарынын Киров атындагы № 4 орто мектеби;

— Нурсейит Төрөбаев — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Елизавета Алпацкая — Бишкек шаарынын “Гарвард Интернейшнл Скул” окуу тарбия комплекси;

— Аделя Сейитова — “Маариф” билим берүү комплекси;

— Аман Есеналиев — Бишкек шаарынын Якир атындагы №61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Айчүрөк Ишенбекова — Бишкек шаарынын № 70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Атийя Кайыпова — Бишкек шаарынын № 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Бегимай Карыбекова — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл кыздардын окуу комплекс-лицейи;

— Нургиза Жоробаева — Бишкек шаарынын Пушкина атындагы № 17 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Нурислам Абдисаматов — Чүй облусунун Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;

— Деңиз Асанакунова — Бишкек шаарынын “Газпром Кыргызстан мектеби”;

— Асем Тишкимбаева — Бишкек шаарынын Кыргыз-Орус славян универститетинин мектеп-лицейи;

— Айжан Аскарбекова — Бишкек шаарынын № 70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Адилет Аскаров — Бишкек шаарынын № 31 мектеп-гимназиясы;

— Марат Кыштобаев — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Атайбек Соорбеков — Бишкек шаарынын № 12 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Айбийке Турдугалиева — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Саид Алиев — Бишкек шаарынын “Келечек” окуу комплекси;

— Санжар Киргизбаев — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Сабира Кубанова — Бишкек шаарынын Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясы;

— Кубат Рысбеков — Бишкек шаарынын № 26 француз тили тереңдетилип окутулган мектеп-гимназиясы;

— Томирис Асарматова — Бишкек шаарынын Кыргыз-Орус славян универститетинин мектеп-лицейи;

— Эркайым Жаныбекова — Бишкек шаарынын №88 орто билим берүү мектеби;

— Михаил Казанцев — Бишкек шаарынын Святой Равноапостольный князь Владимирдин мектеби;

— Сабина Маратбек кызы — Жалал-Абад облусунун “Билимкана-Джалал-Абад” лицейи;

— Гүлайым Назарова — Нарын облусунун Керималиев атындагы орто мектеби;

— Акылай Орозова — Чүй облусунун “Билимкана” окуу-комплекси;

— Ишенаалы Раяпов — Бишкек шаарынын № 70 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Деңиз Абдулдабекова — Бишкек шаарынын Кыргыз-Орус славян универститетинин мектеп-лицейи;

— Муратбек Ажымаметов — Ош шаарынын Ош “Сема” лицейи;

— Рухсанем Бакиева — Бишкек шаарынын Кыргыз-Орус славян универститетинин мектеп-лицейи;

— Шаа-Хан Бейшенбек уулу — Нарын облусунун Тынымбаева атындагы орто мектеби;

— Айгерим Бекибаева — Бишкек шаарынын Панфилов атындагы № 6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплекси;

— Рената Зиянгараева — Бишкек шаарынын № 26 француз тили тереңдетилип окутулган мектеп-гимназиясы;

— Бектур Момунов — Баткен облусунун Раззаков атындагы Кызыл-Кыя орто мектеби;

— Айтегин Муратбеков — Бишкек шаарынын № 13 мектеп-гимназиясы;

— Аскат Рахымбеков — Талас облусунун Айылчиев атындагы №7 орто мектеби;

— Үмүт Сакиева — Бишкек шаарынын № 5 Улуттук компьютердик мектеп-гимназиясы;

— Арлен Сейталиев — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Рэйна Арстанбекова — Бишкек шаарынын №67 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Мээрим Аскарбекова — Талас облусунун Талас эл аралык “Мээрим-Себат” кыргыз–турк кыздар лицей;

— Эрбол Сатиндиев — Ысык-Көл облусунун Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи;

— Феруз Турсунов — Баткен облусунун Раззаков атындагы Кызыл- Кыя лицейи;

— Айназик Айдарканова — Бишкек шаарынын “Айчурек” лицейи;

— Нурия Айтмаматова — Ош облусунун Сматов атындагы № 44 орто мектеби;

— Адеми Акылбекова — Бишкек шаарынын № 9 окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясы;

— Руслан Албаев — Бишкек шаарынын № 33 мектеп-гимназиясы;

— Адилхан Алыйманов — Бишкек шаарынын Якир атындагы № 61 автордук физикалык-математикалык мектеп-лицейи;

— Елизавета Булгакова — Бишкек шаарынын № 26 француз тили тереңдетилип окутулган мектеп-гимназиясы;

— Даниэл Камалов — Ош шаарынын Ош “Сема” лицейи;

— Анна Кузнецова — Бишкек шаарынын “Эврика” билим берүү комплекс-лицейи;

— Дарика Медерова — Бишкек шаарынын “Келечек” билим берүү комплекси;

— Айдай Шарабидинова — Бишкек шаарынын №26 француз тили тереңдетилип окутулган мектеп-гимназиясы;

— Эрлан Эсенгельдиев — Бишкек шаарынын № 25 орто жалпы билим берүүчү мектеби;

 

Мындан тышкары, сыйлангандардын арасында жогорку балл алган 21 бүтүрүүчү бар:

— Айдар Насиров — Баткен облусунун Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи;

— Нурмира Абдиллаева — Баткен облусунун Баткен облустук жатак мектеп-интернаты;

— Адилет Сейитов — Баткен облусунун “Семетей” Кадамжай лицей;

— Курманбек Абазбеков — Жалал-Абад облусунун Сатылганов атындагы № 42 орто мектеби;

— Бекзат Нышанбаев — Жалал-Абад облусунун “Лицей Эверест” окуу-тарбия комплекси;

— Дилнурахон Хакимжанова — Жалал-Абад облусунун Нур-Билим ордосу мектеп-гимназиясы;

— Ахматбек Турсунбаев — Ош облусунун “Кара-Суу райондук сырттан окуу мектеби»;

— Эмирбек Атабеков -Ош облусунун Крупская атындагы орто мектеби;

— Саидислом Зайнабидинов — Ош облусунун “Араван Билим-Ордо” окуу комплекси;

— Арсен Журсунов — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы № 2 орто мектеби;

— Алистен Термечиков — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 11 мектеп-гимназиясы;

— Айтурган Каныбекова — Талас облусунун Талас эл аралык “Мээрим-Себат” кыргыз-түрк кыздар лицейи;

— Датка Кайратбек уулу Талас облусунун “Манас Ата-Себат” Талас эркектер лицей;

— Азима Бекбооева — Нарын облусунун Мырзабеков атындагы орто мектеби;

— Жанбол Жаркынбаев — Нарын облусунун Субакожоев атындагы Нарын мектеп-лицейи;

— Толгонай Анарбек кызы — Чүй облусунун “Үмүт” Токмок жалпы билим берүү лицейи;

— Кирилл Донецков — Чүй облусунун Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи;

— Кайрат Кубатов — Чүй облусунун Айтматов атындагы № 1 Новопавловка окуу-тарбия комплекси;

— Роза Мусабекова — Чүй облусунун № 1 Фрунзе мектеп-лицейи;

— Диана Сабырбекова -Чүй облусунун Маевка орто мектеби;

— Ихтияр Турдиев — Чүй облусунун Ат-башы мектеп-лицейи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

ИИМ: 2023-жылдагы туристтик сезондо милиция коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт

2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.

Май айында Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» буйругу чыгарылган.

Бул буйрукка байланыштуу, туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчтөрүнө жана каражаттарына эсептөөлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле, уюштуруу чечимдерин, ыкчам-алдын алуу иш-чараларды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жана башка комплекстүү иш-чаралар камтылган иш планы бекитилди. Милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы.

Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер — 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат.

Ысык-Көл районунда Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында жайкы туристтик сезон мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана берилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү боюнча убактылуу штаб түзүлүп, туруктуу иштөөчү тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн. Укук тартипти сактоого ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиционерлери тартылат.

Ысык-Көл облусунун аймагында эс алуу үйлөрүн, туристтик базаларды, балдардын эс алуу борборлорун кошкондо 700 жакын курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер иштейт.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылуу максатында комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Туристтик сезондун алдында милиция кызматкерлери мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте туристтик маршруттарды, курорттук ден-соолукту чыңдоочу мекемелерди текшеришип, аларда видеобайкоо жүргүзүүгө жана аймакты жарыктандырууга техникалык жактан бекемделишине, түнкү убакта курорттук зонанын калктуу конуштарын жарыктандырууга, мамлекеттик маанидеги унаа жолдордогу маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Анализди эске алуу менен кайгуул посттордун жана каттамдардын жайгашуусу аныкталып, ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары пландаштырылган.

Туристтик сезондо Бишкек, Чолпон-Ата, Ош шаарларында туристтик милиция иштейт, алар коопсуздукту камсыз кылуу, пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, туристтерге кеңеш берүү жана маалымат берүү менен алектенет.

Ошондой эле, Боом капчыгайында жана Бишкек — Ош автожолунда Төө-Ашуу ашуусунда күнү-түнү посттор уюштурулуп, тез жардам кызматы жана ӨКМдин куткаруучулары кызмат өтөшүп, зарыл болгон учурда тез арада чыгып, медициналык жардам көрсөтүшөт.

«Кордай-Бишкек», «Манас-Бишкек» аэропорту, «Бишкек ш. — Түндүк айланма жол», «Бишкек — Балыкчы – Каракол» (Түндүк жана Түштүк) унаажолдору боюнча ИИМдин ЖКККББнын көчмө постторунун туруктуу жайгашкан жерлери аныкталып, ЖККББнын кызматкерлери унааларынын сыртында ишеним телефондору көрсөтүлгөн кайгуул унааларында кызмат өтөшөт.

Учурда ыкчам-алдын алуу иш-чаралардын комплекси ишке ашырылып, курорттук зоналарда коомдук тартипти сактоо чаралары менен жол кырсыктарын болтурбоо иштери күчөтүлгөн.

Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамды жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Видео. Кумтөр 2023-жылдын биринчи чейрегинде бюджетке 48,1 млн доллар которду

«Кумтөр» ушул жылдын биринчи чейрегинде 2 504 кг алтын өндүрүп, мамлекеттик бюджетке салык түрүндө жана Социалдык фондго төккөн акчасы 48,1 млн АКШ долларын түздү.

Өткөн жылы ушул эле мезгилде 2 068 кг алтын өндүрүлгөн. Бул көлөмдүн өсүшү – биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу. 2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11% түздү. 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46% түзгөн.
(АКСКК) көрсөтүлгөндөй, «Кумтөрдө» өндүрүлгөн доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка «Кыргызалтын» ачык акционердик коому гана ээ. 2023-жылдын биринчи чейрегинде 2 412 кг алтын сатылса, былтыр ушул эле маалда бул көрсөткүч 1 962 кг алтынды түзгөн. 2023-жылдын биринчи чейрегинде алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 миллион долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 миллион долларды түзгөн.

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын ичиндеги төлөмдөр (анын ичинде: салыктар, аффинаж, инфраструктура, жергиликтүү жеткирүүчүлөргө товар жана кызмат көрсөтүү үчүн болгон төлөмдөр, кайрымдуулук ж.б.) 91,754 миллион доллардан ашты.

Албетте, “Кумтөр Голд Компани” чыгарган өндүрүштүн жетишкендиктери жана алар кайда жумшалганы тууралуу маалымат элди кызыктырбай койбойт.
Кыргызстан үчүн эбегейсиз салым кошкон бул алтын кен компаниянын мамлекетке өткөндөн бери канча пайда алып келгени жана ал жердеги кызматкерлердин күнү-түнү тынымсыз эмгектенгенинин натыйжасы деп билсек болот.

Буга чейин “Кумтөр Голд Компани” канадалык ишкерлер иштеткени мамлекетке алгылыктуу пайда алып келбегенин жана башка адамдардын чөнтөгү үчүн да иштегени маалым.

Кыргыз алтыны Кыргызстан үчун гана иштейт жана президент Садыр Жапаров айткандай дагы 30-40 жыл өлкөбузгө пайда алып келээрине үмүт бар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Кыргызстанда 2023-жылы “Балага сүйүнчүнү” төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган

Кыргызстанда 2023-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге 4000 сомдон төлөнөт.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте “Лейлек килемдери – 2023” фестивалы өтөт

Улуттук тарых музейи, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Лейлек районунун Аялдар кеңеши  менен биргеликтер “Лейлек  килемдери- 2023” фестивалын өткөрөт.

Эл аралык музейлер күнүнө карата 18-28-май күндөрү “Лейлек килемдери-2023” фестивалы Бишкектеги тарых музейинде өтөт. Иш чаранын  расмий ачылышы 18-май күнү 17.00дө болот деп билдирди уюштуруучулары.

Фестивалдын алкагындагы көргөзмөгө уз-чеберлердин колунан жаралган нукура жүндөн даярдалган килемдер жана заманбап сувенирдик буюмдар коюлат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Бишкекте “Мисс Медайым-2023” сынагы өттү

Бишкекте Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында “Мисс Медайым-2023” сынагы өтүп, ага Саламаттык сактоо министрлигинин, Октябрь райондук акимчилигинин, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Мыкты медайымдарга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле ак эмгеги жана жоопкерчиликтүүлүгү үчүн бир катар медиктер Биринчи май райондук акимчилигинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкө аймагында «Коопсуздук — 2023» машыгуусу өткөрүлөт

Кыргызстанда «Коопсуздук — 2023» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

Аталган машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында 25-27-апрель аралыгында уюштурулат.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, президенттин аталган облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараттары, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Алай районунун, Кадамжай районунун жана Базар-Коргон районунун администрациясынын өкүлдөрү, ӨКМ, ИИМ жана УКМКнын аймактык бөлүктөрү катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Финансы министрлиги: 2023-жылда энергетика секторуна 31,1 млрд сом каралды

2023-жылы энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

бюджеттик каражаттар 21,9 млрд сом;

атайын эсептин каражаттары 26,4 млрд сом;

мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом.

«Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,5 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 800,9 млн сом (51,0%) бөлүндү.

Мамлекеттик бюджеттен(МБ) 2023-жылга жергиликтүү бюджеттерден каржыланган мекемелер тарабынан керектелген электр энергиясынын чыгымдарын жабуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга 1,2 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 486,2 млн сому (42,0%) каржыланды.

2023-жылга бюджеттик кредиттер 4,7 млрд сом өлчөмүндө каралып, учурда 255 млн сом бөлүндү, анын ичинен «Электр станциялары» ААК менен — 3 млрд сомго долбоор макулдашылды.

«Чакан ГЭС» ААКсы менен Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом каралган. Алар:

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен – ​​1,3 млрд сом;

КР Улуттук банкынын сактык эсептеринин эсебинен — ​​700,0 млн сом

Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун долбоорлоо-изилдөө иштери менен даярдык мезгилиндеги объекттерди куруу боюнча планын ишке ашыруу үчүн «Электр станциялары» ААКнын бюджеттик насыясы 1,6 млрд.

Жылдык муктаждыктар боюнча:

2022-жылга — 117 млн ​​сом (толугу менен бөлүнгөн);

2023-жылга — 816 млн сом, 2024-жылга — 621,4 млн сом.

2023-жылдын 1-апрелине карата 180 млн сом бөлүнгөн.

Орто-Токой суу сактагычындагы кичи ГЭСтин курулушуна 350,0 млн сом бюджеттик кредит каралган.

Капиталдаштыруу: Мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканалардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында уставдык капиталды көбөйтүүгө «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсына 10,8 млрд сом каралып, 536,7 млн сому бөлүндү.

Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 2023-жылга карата 125,2 млн сом (бюджеттик, атайын эсептин каражаттары) каралды, анын ичинен 1-апрелге карата 44,1 млн сом бөлүндү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Бишкекте «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы жыйынтыкталды

Бишкекте «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын жабылуу аземине маданият министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Министрдин орун басары фестивалдын уюштуруучуларын куттуктап, кыргыз элинин көөнөрбөс өнөрү болгон саймачылык өнөрдү өркүндөтүп жаткан “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун өкүлдөрүнө ыраазычылык сөзүн айтты жана алдыңкы орундарды багындырган катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды.

Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышты.

Кароо-сынак эки багытта — «Сайма чемпионаты – 2023», «Мыкты белдемчи» сынагы болуп өткөрүлдү.

Анын ичинен катышуучулар жаш курагына жараша эки топко бөлүндү. 1-топко 17 жашка чейинки мектеп окуучулары кирсе, 2-топко 18 жаштан жогорку катышуучулар кирди.

17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында 1-орунга Алтынай Өмүркулова, 2-орунга Назира Барктбасова, Аяна Айтбаева, 3-орунга Айсанат Мунасбекова, Аяна Шаршенбаева татыды.

Мыкты белдемчи сынагында 1-орунду Айсулуу Абдрахманова, 2-орунду Нургүл Туркменова, 3-орунду Ибарат Амангелдиев ээледи.

Ал эми 18- жаштан жогорку катышуучулар арасындагы «Сайма чемпионаты – 2023» сынагында биринчи орунду Ибарат Амангелдиев багындырып, сынактын жеңүүчүсү аталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

Бишкекте “Сайма — 2023” кароо-сынак фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара «Кийиз дүйнө» коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи.

«Кийиз дүйнө» коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи.

Маалымат үчүн: Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышат.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»;

2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы.

«Сайма чемпионаты – 2023» катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Эске салсак элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021-жылы өткөн сайма чемпионатында 500гө жакын саймачылардын башын бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы Оштон кайсы шаарларга жана өлкөлөргө учса болот. Тизме

2023-жылдын жазгы айларында Жазында Ош эл аралык аэропортунан бир катар өлкөлөргө, ошондой эле Кыргызстандын шаарларына түз каттам менен учуп барса болот. Бул жерде багыттары, каттамдардын жыштыгы жана жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпаниялардын аталышы менен толук тизмеси келтиребиз.

Орусия

Avia Traffic Company:

Ош – Екатеринбург – жумасына бир жолу (ишемби);

Ош – Иркутск – жумасына бир жолу (жекшемби);

Ош – Красноярск – жумасына бир жолу (ишемби);

Ош – Москва – жумасына 12 рейс (күн сайын);

Ош – Новосибирск – жумасына эки жолу (шаршемби жана жума күндөрү);

Ош – Санкт-Петербург – жумасына бир жолу (жума).

«Аэро Номад Эйрлайнс»:

Ош – Москва – жумасына эки жолу (шаршемби, жума).

«Сибирь»:

Ош – Иркутск – жумасына төрт жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жума, жекшемби);

Ош – Москва – жумасына жети рейс (күнүнө);

Ош – Новосибирск – жумасына жети жолу (күнүнө).

«Уральские авиалинии»:

Ош – Екатеринбург – жумасына беш жолу (шейшемби, шаршемби, жума, ишемби, жекшемби);

Ош – Иркутск – жумасына бир жолу (шейшемби);

Ош – Казань – жумасына үч жолу (дүйшөмбү, шаршемби, жекшемби);

Ош – Красноярск – жумасына эки жолу (шаршемби, жума);

Ош – Минеральные воды – жумасына бир жолу (бейшемби);

Ош – Москва – жумасына жети рейс (күнүнө);

Ош – Нижневартовск – жумасына эки жолу (шейшемби, шаршемби);

Ош – Самара – жумасына эки жолу (дүйшөмбү, жума);

Ош – Санкт-Петербург – жумасына жети жолу (күн сайын);

Ош – Сочи – жумасына бир жолу (дүйшөмбү);

Ош – Уфа – жумасына бир жолу (дүйшөмбү);

Ош – Челябинск – жумасына бир жолу (шейшемби).

«Аэрофлот»:

Ош – Москва – жумасына жети рейс (күнүнө).

«Ютэйр»:

Ош – Сургут – жумасына бир жолу (жума).

«Северный ветер»:

Ош – Астрахань – жумасына эки жолу (шаршемби жана ишемби күндөрү);

Ош – Кемерово – жумасына бир жолу (дүйшөмбү);

Ош – Красноярск – жумасына бир жолу (шаршемби);

Ош – Омск – жумасына бир жолу (шейшемби);

Ош – Самара – жумасына бир жолу (жума);

Ош – Тюмень – жумасына бир жолу (ишемби);

Ош – Уфа – жумасына бир жолу (бейшемби).

БАЭ

Fly Dubai:

Ош – Дубай – жумасына эки жолу (шейшемби жана жума).

Air Arabia:

Ош – Шаржа – жумасына беш жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби).

Кувейт

Jazeera Airways:

Ош – Кувейт – жумасына жети каттам (күнүнө).

Турция:

Pegasus Airlines:

Ош – Стамбул – жумасына беш жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, ишемби).

Ички каттамдар:

Avia Traffic Company:

Ош – Бишкек – ​​жумасына 13 рейс (күн сайын).

«Аэро Номад Эйрлайнс»:

Ош – Бишкек – ​​жумасына жети жолу (күн сайын).

«Tez Jet»:

Ош – Бишкек – ​​жумасына жети жолу (күн сайын).

Булак: Экономист.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы өкмөт туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүктөрүн электрондук түргө өткөрөт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылдын аягына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, министрликтин негизги иштеринини бири иштелип жаткан Санариптик кодексти аягына чыгаруу жана архивдик документтерди санариптештирүүнү каралган.

Ошондой эле минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров министрликтин жаңы Калкты тейлөө борборлорун куруунун жана ачуунун үстүндө иштеп жатканы жакшы экенин, бирок ар бир жаран колдонгон уюлдук телефон аркылуу кызматтарды алууну күчөтүп жарандардын тейлөө борборлоруна барууларын азайтуу зарылдыгын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ош шаарында «Агро Экспо – 2023» жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу” деген темада «Агро Экспо — 2023» жарманкеси ачылып, ага дыйкандар жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү өндүрүүчүлөр катышып жатат.

 

Иш-чаранын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, “ТЭС-центр” коомдук фондунун уюштуруу тобунун жетекчиси Бактыгүл Сатыкулова, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстан жана Россиянын айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

«Агро Экспо—2023» иш-чарасында төмөндөгү продукциялар бир аянчага топтолот:

● айыл чарбасындагы ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
● айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
● өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтер;
● асыл тукум мал чарбасы;
● мал чарбасын өнүктүрүү үчүн продукциялар;
● көчөттөр жана башка жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн табийгый товарлары.

Мындан сырткары, акысыз кеңеш берүүлөр жана агросервистер жөнүндө маалыматтар берилет;

● тармактык конференциялар;
● агрономдун кеңеш берүү аянты;
● мал чарба боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● балчылык боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● айыл чарба тармагында кирешени көбөйтүүчү кызматтар;
● Финансы жана инвестициялык кызматтар жөнүндө маалыматтар берилет.
Жарманке 2-3-март күндөрү өтөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Мэрдин убадасы: Бишкектин мэриясы 2023-жылы «бусиктерди» жоготот

2023-жылы учурдагы коомдук транспорттун көйгөйүн чечилет. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров, пресс-конференцияда убада кылды.

Анын айтымында, Бишкекте 2023-жылы 1.5 миң автобус алынат. Булардын ичинен мэрияда 500 бар, жылдын аягына чейин дагы бир миң автобус күтүлүүдө.

Абдыкадыров экологиялык таза коомдук транспортту боюнча Беларусь жана Кытай менен сүйлөшүүлөр болгонун айтып берди.

«2023-жылы коомдук транспорттун маселесин толугу менен чечебиз. Бишкекте бир дагы кичи автобусу болбошу керек», — деди мэр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Ажылык 2023. Кыргызстандык зыяратчыларды кувейттик авиакомпания тейлейт

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлет, деп билдирди Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан.

Муфтияттын маалыматына ылайык, буга чейин жарыяланган сынакта кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен.

«Тандоого КМДБнын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу 6 миң квота бөлүнгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

Президент Садыр Жапаровдун жаңы 2023-жылы менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2023-жаңы жылы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Саналуу мүнөттөрдөн кийин жалпыбыз дагы бир жылды карытып, жаңы 2023-жылдын босогосун аттаганы турабыз.

Ким болбосун, ар бир адам, ар бир үй-бүлө жүрөк толкуткан мындай ирмемдерде узап бараткан жылга бир кылчая сереп салып, келе жаткан жылдан үмүт арта аруу тилектерди айтып, жаңы максаттарды белгилейт.

2022-жылы Сиздер менен чогуу кыйла ийгиликтерге күбө болуп, маңдайыбыз жарыла кубанган, жаркын келечекке улуу үмүт менен караган учурларыбыз арбын болду.

Тилекке каршы, ошону менен бирге Мекен чеги башталган Баткен жергебизде кейиштүү окуялар кайталанып, кабыргабыз кайышты. Үч миң жыл ичинде өз башынан нечен-нечен тарыхый сыноолорду кечирген түптүү кыргыз элинин урпактары катары биз, кыргызстандыктар, бул жолу да биримдик менен сабырдуулукту көрсөтүп, жазмыштын жакшысын да, жаманын да көтөрдүк! Мына ошондуктан мен быйыл Кыргызстандын жүрөгүнө айланган касиеттүү Баткен жергесинен туруп, жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктоону туура көрдүм!

Кадырлуу калайык-калк!

Кыйын кезеңде “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, намыска бек турган кыргыз элибизден айланып кетсе болот, ошондуктан жумурай журтка терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Кыргызстандын бүтүндүгүн сактаган, Мекен чегин тайманбай коргогон эр жүрөк уулдарды жарык дүйнөгө алып келген энелерге, уулун “Мекендин укум жери үчүн туруп бер!” деп тарбиялаган нарктуу аталарга башымды ийип, таазим кыламын!

Ата Журту үчүн ажалга жалтанбай тике караган баатыр уулдарыбыздын жаркын элестерин, укум жер үчүн өлүмдөн коркпой жанын берген эрдиктерин эч качан, эч качан унутпайбыз!

Учурда Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоо –улуттук эң башкы маселелердин бири. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!

Ар түрдүү себептерден улам учурунда чечилбей, акыры түбү кейиштүү кесепеттерге алып келген чек ара маселесин биротоло чечүү үчүн бардык жоопкерчиликти мойнубузга алып, чечкиндүү турабыз. Бизден кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп беребиз!

Дорогие кыргызстанцы!

Сегодня, находясь на малой родине Полот-хана и Молдо Нияза, Абдыкадыра Орозбекова и Исхака Раззакова, я хочу поздравить вас с наступающим Новым 2023-м годом.

В уходящем году мы все вместе пережили множество событий, как радостных и достойных гордости, так и печальных.

Каждое холодное дуновение ветра с приграничья, глубоко отзывается в сердце каждого кыргызстанца.

В трудную минуту кыргызский народ в очередной раз показал свою сплоченность. Сообща, вместе нам под силу любые трудности, с которыми мы сталкиваемся на пути нашего развития.

В течение этого года мы с вами плечом к плечу, шаг за шагом продвигались вперед, реализуя стратегические задачи и добиваясь побед. Это каждодневный тяжкий труд, но мы не должны никому и ничему позволить свернуть нас с намеченного пути. Мы смогли направить более значительные ресурсы на улучшение благосостояния народа, чем во все предыдущие годы.

Все достигнутое в 2022-м году — это результат общего труда и целеустремленности. Меня переполняет гордость за наш народ, который своим трудом прокладывает путь к процветающему Кыргызстану.

Вместе мы – сила и мы едины в стремлении жить в развитом, сильном государстве.

Верю, что Новый год приумножит благосостояние каждого нашего гражданина, каждой семьи и мы сможем достигнуть тех вершин, к которым стремимся.

Пусть все, что мы имеем сейчас, станет стимулом для новых свершений.

Кымбаттуу мекендештер!

Узап бараткан жылы глобалдашып жаткан дүйнөнүн бир бөлүгү катары эл аралык кызматташтыкты жандантып, стратегиялык өнөктөштөрүбүз, тарапташтарыбыз жана дос өлкөлөр менен кызматташууну эң жогорку деңгээлге жеткирдик. Быйыл бир катар өлкөлөрдүн лидерлеринин башын кошкон маанилүү эл аралык саммиттерди ийгиликтүү өткөрүп алдык. Анын ичинде Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке татыктуу төрагалык кылгандыгын белгилей кетейин.

Туура жүргүзүлгөн каржы-экономикалык саясаттын натыйжасында өлкө казынасын арттырууга жетиштик. Эки жыл мурдагы республикалык бюджетке салыштырмалуу, быйыл казынабыз эки эсеге өстү.

Эмгек акылардын эселеп жогорулашы менен социалдык жөлөкпулдардын көтөрүлүшүнө кубанган жарандарыбыздын жылуу жүздөрү азыр дагы көз алдымда турат. Ак саамайлуу апаларыбыз менен ак сакалдуу аталарыбыздын пенсиялары дагы көбөйүп, алардын сабыр менен шүгүрчүлүк кылгандарына жүрөгүм элжиреди.

Баарыбызга тамга таанытып, кат-сабатыбызды жойгон мугалимдерибиздин, ар дайым ден соолугубузга кам көргөн дарыгерлерибиздин, бүткүл өмүрүн өлкөсүнө арнаган социалдык тармактын кызматкерлеринин мамлекеттик бийликке ишеним-үмүтү жанып, колдоо сөздөрү менен кошо алкыш-баталарын аянбай берүүсүн уккандын өзү бакыт болду!

Миллиарддаган каражаттарга өлкө коопсуздугу үчүн зарыл болгон заманбап аскерий техникаларды сатып алдык. Коргонуу жаатындагы мындай аракеттерди мындан ары дагы улантабыз.

Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылды Тоо тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоо таап, эл аралык жыл катары жарыяланган. Ошону менен бирге 2022-жыл Кыргызстанда Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп белгиленген. “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттери” концепциясы иштелип чыгып, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдарды “Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы” деп жарыялоо боюнча резолюция жактырылды.

Бул иштер, албетте, тоолуу региондордун көйгөйлөрүнө дүйнө коомчулугунун көңүл бурушуна Кыргызстандын кошкон зор салымы болуп эсептелет.

Кадырлуу калайык-журт!

Биз үстүбүздөгү жыл ичинде чама-чаркыбызды салмактап, ар кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабастан, өлкө үчүн мааниси зор башка тармактарда дагы чоң-чоң долбоорлорду баштоого бел байладык.

Өзүңүздөр билгендей, эл аралык деңгээлде улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн бекем туруп, “Кумтөр” алтын кенин кеч болсо да, элибиздин энчисине толук кайтардык.

Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо багытында жасалган чоң кадам – бул кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы болду. Борбор Азиядагы суу ресурстарына ээлик кылган саналуу мамлекеттердин бири болгон Кыргызстан үчүн “Камбар-Ата-1” ГЭСи өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Ошону менен бирге чакан ГЭСтерди, электр кубатын өндүрүүнүн альтернативдүү варианттарын курууга дагы өзгөчө көңүл буруудабыз.

Өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга батыл кириштик. Аны менен катар эгемендүүлүк тарыхыбызда алгач ирет темир жол курулушун – “Балыкчы-Кочкор – Кара-Кече” темир жолун курууну баштадык.

“Күчтүү регион – күчтүү мамлекет” ураанынын астында административдик-территориялык реформага кадам жасалды. Буюрса, жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоордун натыйжаларын “жети өлчөп, бир кесип”, аймактарыбызды өнүктүрүүдө дагы колдонобуз.

Өтүп бараткан жылы өлкөбүздө спорт тармагына жакшы көңүл бурулуп, жемиштүү жылдардан болду. Спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун бийик желбиретип, алтын медалдарды катар-катар алып, жеңиш менен кайтып, мекендештерди кубанычка бөлөгөн учурлар көп болду!

Уңгубузга кайтып, улуттук деңгээлде Элдик курултай өткөзүп алдык. “Эл тараза – эл сынчы” дегендей, өлкөнүн алган багыты менен жасалган иштер төп келип жатабы-жокпу деген маселени элдин тараза ташына коюп, бабалардан калган нагыз элдик бийликтин үлгүсүн түзүп алып, улуу кыргыз жолун улап кетүү ниетибизди ишке ашырдык. “Көч бара-бара түзөлөт” деген накыл кеп сыңары, Элдик курултайды улам бүлөп, улам курчутуп олтуруп, бул институтту тээ бабалар учурундагыдай улуттун улуу иштери менен алек болгон институтка айланта алабыз деген илгери үмүтүм бар.

Кыргызда жети саны байыртадан бери ыйык деп эсептелет. Мынакей, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылып, жети миллиондуу калк болуп, жаңы жылга аяк басып олтурабыз. Калктын санынын өсүшү – өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү факторлорунун бири. Элибиздин саны артып, өлкө экономикасынын өнүгүшү жарандарыбыздын бейпил турмуш, бакубат жашоого умтулуусуна чоң өбөлгө болот.

Урматтуу агайын-туугандар!

«Жакшы тилек – жарым ырыс» дейт эмеспи, кирип келген жаңы жылыбыз Кыргызстаныбыз үчүн өзгөчө жакшылыктардын башталыш жылы болсун деп баарыбыз тилек кылалы!

Биз 2023-жылы бардык тармактар боюнча арымдуу өсүш секиригин жасоонун алдында турабыз.

Бардык тармактар боюнча элдин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатында иштерди жигердүүлүк менен улантабыз.

Урматтуу мекендештер, жалпы кыргызстандыктар!

Ошентип, келе жаткан жаңы 2023-жылдын босогосун чоң максаттар, конкреттүү пландар менен аттап отурабыз.

Жалпы Кыргызстан эли – ар бирибиз өлкөбүздүн өнүгүүгө бет алган өзгөрүүлөр менен жаңылануулардын түздөн-түз катышуучусу экенибизди сезип, ынтымагыбызды бекем кармасак, алдыга коюлган бийик максаттарга жетебиз, ниет кылып мерчемдеген иш-пландарыбыздын өтөөсүнө чыгабыз деп бекем ишенем! Себеби элибиздин эбактан бери келаткан улуу сапаттарынын бири – биримдикке, ынтымакка умтулуусу. Бул – Кыргызстан элинин артыкчылыгы, биздин дөөлөтүбүз, эгемендүүлүбүздү бекемдеген асыл нарк!

Мына ошондуктан, ырыс ыроологон ынтымагыбызды бекем сактайлы, кут тартуулаган биримдигибизди бекем кармайлы!

Жаңы жылыбыз элибизге берекени, ырыскыны мол алып келген куттуу жыл болсун!

Жергебизде тынччылык, элибизде токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Дагы бир жолу жаңы жылыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!»

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Төрага Нурланбек Шакиевдин 2023-Жаңы жыл майрамына карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин 2023-Жаңы жыл майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 2023 – Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Өтүп жаткан жыл өлкөбүз үчүн олуттуу окуяларга бай болуп, ири реформалар менен эсте калды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп, айлык маяналар, пенсия жана жөлөк пулдар жогорулатылды. Айрыкча, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө басым жасалып, шаарларда жана аймактарда көптөгөн мектептер курулду. Андан тышкары, экономикабызда да өсүштөр орун алып, стратегиялык маанидеги долбоорлор ишке ашырылууда. Алсак, “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” темир жолунун курулушу башталып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун салуу багытында да алгылыктуу кадамдар жасалды. Кылым курулушу саналган бул долбоорлор ийгиликтүү бүткөрүлсө, Кыргызстаныбыз байыркы Жибек-Жолун кайра калыбына келтирээри анык.
Мындан сырткары, быйыл өлкөбүздүн бүтүндүгүн бекемдеген олуттуу чечимдер да кабыл алынып, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамлекеттик чек арабызды аныктап алдык. Бул ары татаал, ары жоопкерчиликтүү иш аягына чыккандыгы өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө маанилүү. Мына ушундай чечкиндүү аракеттер менен жакынкы аралыкта Тажикстан менен чектешкен чек арабызды да тактайбыз деген ишеничтемин.
Кымбаттуу журтташтар!
Жогоруда айтылган бардык реформалар жана алгылыктуу кадамдар Жогорку Кеӊеш тарабынан да колдоого алынып, калк турмушун жакшыртууга багытталган кыйла жаӊычыл мыйзам долбоорлору жана эл аралык макулдашуулар кабыл алынды. Ар бир депутат шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу максатында аймактардан кабар алууну салтка айлантып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө жигердүүлүгүн көрсөтүштү.
Айрыкча эл аралык бир катар уюмдарга мүчөлүк кылган парламентибиз, өлкө кызыкчылыгына ылайык, алардын бардык иш-чараларына жигердүү катышты. Анын ичинен достук менен боордоштуктун аянтына айланган Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынын быйыл Чолпон-Ата шаарында ийгиликтүү өткөрдүк.
Ардактуу кыргызстандыктар!
Биз баарыбыз Кыргызстан деген куттуу үй-бүлөнүн мүчөлөрүбүз. Андыктан ар бирибиз күнөстүү өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенип, өз тармактарыбызда ийгиликтерди жаратуу менен алдыга жыла берели. Ар бир үйдө бакыттын күлкүсү жаңырып, коломтодон от, жүрөктөрдөн ыйман шамы өчпөсүн! Өлкөбүз өнүгүп, 2023-жыл кыргыз жергеси үчүн тынчтыктын, берекенин жана ырыс-куттун жылы болсун!
Жаӊы жылыӊыздар менен!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Парламент өкмөт сунуштаган 2023-жылдын республикалык бюджетин үчүнчү окууда жактырды

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2023-жылга карата республикалык бюджети үчүнчү окууда жактырылды. Эми ага президент кол койгондон кийин негизги финансылык документ катары расмий түрдө бекитилет.

Аталган маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев жана Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер маалымат беришти.
Финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-жылы республикалык бюджеттин кирешеси
мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 322 миллиард 766 миллион сом же ички дүң продукциянын 34,8 пайызын түзөрүн айтты. Ал эми чыгаша 344 миллиард 29 миллион сомго жетет.
Бюджеттин дефицити 21 миллиард 263 миллион сомду түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Улуттук банктын божомолу боюнча 2023-жылы кайсы кызматтар менен товарлар кымбаттайт?

2023-жылы электр энергиясына, ысык сууга жана жылуулукка тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын 2022-жылдын үчүнчү кварталынын акча-кредит саясаты боюнча отчётунда айтылат.
Маалыматта коммуналдык кызматтарга тарифтердин көтөрүлүшүнө үстүбүздөгү жылдын II кварталынан бери чет элдиктердин республикага агылып киришинен улам байкалган жүгүртүүдөгү накталай жана накталай эмес акчалардын көбөйүшү себепкер экени белгиленген.
«Эгерде бул товарларга суроо-талап өсө берсе, баанын дагы кошумча көтөрүлүшүнө таасирин тийгизет«, — деп билдирди Улуттук банк.
Мындан тышкары, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге акциздик салыктардын көбөйүшү, ошондой эле ири шаарларда коомдук транспортто жүрүүнүн баасы көтөрүлөрү божомолдонууда.
Ал эми инфляция 9,6 пайыздын тегерегинде болору күтүлүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизилет

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана калктын, инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун ишкердик активдүүлүгүнүн деңгээлинин төмөндөшүнө шарт түзгөн проблемалар бар болууда.

Укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусу мындай проблемалардын бири бойдон калууда, аларга карата чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Көбүнчө бул негизсиз, кайталоочу же такыр мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары кездешет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылат.

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдарынын, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын өз пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргүзүлгөн, текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген текшерүүлөр кызматтык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандык катары каралат жана кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет деп белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте мораторий киргизүү жана ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча консультациялык жардам берүү жөнүндө бизнес-коомчулуктар үчүн кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүсү зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кылмыш-кырсык

Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылга чейин камакта калтырылды

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын Октябрь райондук сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылган.

Адвокат Кайсын Абакиров билдиргендей, ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

«Жолугушуу азырынча белгилене элек. Менин кардарымдын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар — гипертония, жүрөк оорулары жана кан басымы. Теңгиз Бөлтүрүктүн бойго жете элек үч баласы бар. Мен аны камоонун кереги жок деп эсептейм», — деди Кайсын Абакиров.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Маданият

2023-жылы түрк тилдүү мамлекеттер Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилейт

ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу кеңешинин XXXIХ жыйынында 2023-жылы СССРдин эл артисти, кыргыздын айтылуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Жыйын 5-ноябрь күнү Түркиянын Бурса шаарында өткөн. Эскерте кетсек, быйыл уюмга аталган мамлекет төрагалык кылууда.

Иш-чарага Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Казакстан мамлекеттеринин маданият министрлери жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Натыйжада Бакен Кыдыкеева менен бирге казак композитору Темирбек Жургеновдун 125 жылдыгы, түрк акыны Мехмет Акиф Эрсоянын 150 жылдыгы, агартуучу Бирунинин 1050 жылдыгы, кипрлик сүрөтчү Исмет Вехит Гюнейдин 100 жылдыгы белгиленмей болду.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстан менен Түркмөнстан уюмдун туруктуу мүчөлүгүнө кабыл алынган. 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн борбору болуп Азербайжандын Шуша шаары белгиленди. Ал эми ар кыл деңгээлдеги маданият борборлору болуп Хива, Астана, Эскишехир, Казань, Мерв, Шеки, Түркстан, Кастамону жана Ош шаарлары аныкталган.

Мындан тышкары, кийинки жылы Шуша шаарында өтө турган иш-чаралар талкууланганы айтылды. Эскерте кетсек, 2023-жылы аталган уюмдун түзүлгөнүнө 30 жыл толот.

Маалыматта КР маданият министри Алтынбек Максутов Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнү белгиленди.

Соңунда түрк дүйнөсүндөгү «Коркут Ата» кинофестивалынын жыйынтыгы чыгарылып, кыргызстандык Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» кинокартинасы сыйлыкка татыды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга жогорулатуу пландалууда

2023-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 15 пайызга жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

“Учурда Соцфонддун бюджети бекитилип жатат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,5 млрд сомго (15 пайызга) көбөйтүү пландалууда. Ал эми базалык бөлүгүн биздин бюджет бекитилгенден кийин айта алабыз”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулап, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15 пайызга жогорулады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Саясат

2023-жылы КМШда төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү

Астанада (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынында 2023-жылы уюмга төрагалык кылуу маселеси каралды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациялардын башчылары төрагалыкты Кыргызстанга, ал эми тең төрагалыкты Россияга жана Казакстанга өткөрүп берүү чечимине келишти.

Кыргызстандын сунушу менен КМШ МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Акылбек Жапаров: 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүү пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ички дүң продуктунун өсүшү боюнча эл аралык уюмдардын терс божомолдору ишке ашкан жок.

«Республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча мурда көрүлгөн чаралардын аркасында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактап кала алдык. Тышкы карызды төлөөнүн негизги бөлүгү жакындап калды, ошол эле учурда мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат. Мындан тышкары, социалдык, маданият тармагынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйүүдө. Борбор калаада 9 орто мектеп пайдаланууга берилди, жакынкы арада дагы 6 мектеп пайдаланууга берилет. Бардык тармактарда иш жигердүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, глобалдык экономикалык басаңдоо менен катар глобалдык инфляция жогорку деңгээлде калууда.

«Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын тийиштүү көлөмдөгү күнүмдүк керектелүүчү продуктулар менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы–Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды», — деди министрлер кабинетинин башчысы жана 2022-жылга пландалган 404 млрд сом өлчөмүндөгү консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Андан соң финансы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды. Ал белгилегендей, 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө белгилөө пландалууда. Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды.

Акылбек Жапаров отурумдун жыйынтыгында белгилегендей, учурда министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети Тажикстан Республикасынын аскердик агрессиясынын натыйжасында жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүү болуп саналат.

«Буга чейин республиканын өнүгүшүнө жана реформаларды ишке ашырууга тоскоол болгон негизги себеп финансылык алсыздык жана казынадагы каражаттардын жетишсиздиги болчу. Азыр абал таптакыр башкача. Биз Баткен облусунда талкаланган обьектилерди калыбына келтирип, башталган реформаларды ишке ашырууну улантабыз. Болгону биздин команданын жана элдин биримдиги жана ынтымагы керек», — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Коом

Өлкөдө 2023-жылдан тарта мектептердеги тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда 2023-жылдан тарта мектептерде тамактанууга бөлүнгөн каражаттын суммасы жогорулайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, жаңы окуу жылынан тарта мектептердеги тамактанууга кошумча каражат бөлүү үчүн бюджет даяр эмес.

«Буга чейин ар бир окуучунун тамак-ашынын өлчөмүн 7 сомдон 14 сомго чейин көтөрүү сунушталган, буга 650 миллион сом керектелет. Бул чоң сумма. Аны 20 сомго көтөрсөк, анда 2023-жылы гана баштасак болот. Биз азыр келерки жылдын бюджетин түзө баштадык», — деди ал.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева, эгер тамактанууга каражаттын  көлөмү көтөрүлсө, анда 2022-жылдын сентябрынан тарта көтөрүү зарылдыгын белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button