Коом
Быйыл Кыргызстанда 149 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, алардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Аймактар боюнча алганда:
- Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
- Чүй облусунан – 20 окуучу,
- Ош облусунан – 17 окуучу,
- Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
- Баткен облусунан – 9 окуучу,
- Талас облусунан – 8 окуучу,
- Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
- Нарын облусунан – 6 окуучу,
- Ош шаарынан – 6 окуучу артыкчылык аттестатын алат.
14-майда Бишкекте жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы өткөн. Өзгөчө үлгүдөгү сертификат алуу үчүн 2 миң 211 бүтүрүүчү ат салышкан.