Коом

Нарын облусунда көчмө клиника калкты акысыз текшере баштады

Нарында көчмө клиника жарандарды акысыз текшере баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өрнөк айылында орнотулган мобилдик клиника август айынын аягына чейин облус калкына медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт.

Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.

Клиника компьтердик томограф, рентген, маммограф, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагы калкты ташып келип дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Нарын районунун калкына кароо жүргүзүлүп бүткөндөн кийин график менен башка райондордун элине медициналык кароо жүргүзүлө баштайт.

Маалымат үчүн белгилесек, көрүнүүгө келген бейтаптар атайын түзүлгөн графике ылайык тизме менен келүүсү зарыл, кош бойлуу жана бала эмизген бейтаптар көрүлбөйт. Ошондой эле 14 жашка чейинки балдар кабыл алынбайт, экстрендик түрдөгү операциялар жасалбайт.
Жарандар графикке ылайык дүйшөмбү-ишемби күндөрү эртең мененки саат 8:30дан кечки 17:30 чейин кабыл алынат. Түшкү тыныгуу 13:00-14:00 чейин. Ал эми жекшемби эс алуу күнү болот.
Сүрөттөр УТРК Нарын баракчасынан алынды.
https://www.facebook.com/utrknaryntv

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button