Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде министрлер кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга 2030-жылдын аягына чейин экономикалык өсүштү камсыз кылуу, инвестиция тартуу, жеке менчикти коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча 10 негизги тапшырма берди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, 2030-жылдын аягына чейин макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, ички дүң продуктунун реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпин кеминде 8% деңгээлинен кем эмес сактап калуу жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымынын көлөмүн жыл сайын 20%га чейин көбөйтүү максаттары коюлган.
Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине жана борбордук мамлекеттик органдарга төмөнкүдөй 10 тапшырма берди:
- Жогоруда берилген милдеттенмелерди, белгиленген милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
- Сот бийлигинин органдары менен бирдикте жеке менчикти коргоонун жана ишкерлерди колдоонун бирдиктүү концепциясы иштелип чыксын. Анын ичинде мамлекеттик органдардын иши жарандардын жана бизнестин укуктарын коргоого багытталып кайра түзүлсүн.
- Экспортко багытталган сервистик индустриалдык өнүгүү модели иштелип чыгып сунушталсын.
- Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү активдүү илгерилетүүгө багытталган соода жана бажы саясаты модернизациялансын.
- Уруксат берүүчү документтерди алууну, инвестициялык макулдашууларды түзүүнү жана инвесторлорду коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иштер улантылсын.
- Өлкө ичинде түзүлүүчү кошумча наркты максималдуу көбөйтүүгө багытталган туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү чынжырчасы калыптандырылсын.
- Каржылоо системасы экономиканын реалдуу секторундагы долбоорлорго узак мөөнөттүү инвестиция салууга багытталып трансформациялансын.
- Билим берүү системасы экспортко багытталган сервистик индустриалдык өнүгүү моделине ылайыкташтырылсын.
- Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын даректүү колдоо боюнча иш улантылсын.
- Аймактарды күчтөндүрүүнү эске алуу менен бюджеттер аралык мамилелерди кайра карап чыгуу боюнча сунуштар киргизилсин.

