Нарында жер титиреди


Нарын шаарынын түштүк-чыгышында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 4.5 баллга жеткен. Очогу Кытайда, Нарын шаарынан 152 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын калк жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.