31-октябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында Чолпон-Ата шаарынын 50 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышынын тандоо туру өтөт.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлүп, тандоо туру саат 10:00дө башталат.
Тандоо турунда акындардын жуптары чүчү кулак аркылуу аныкталып, алым сабак айтышат. Ар бир жупка 4–5 мүнөт убакыт берилет. Калыстар тобунун чечими менен эң жогорку упай топтогон 12 акын финалдык баскычка өтөт. Катышуучулардын төкмөлүк чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, ырларынын көркөмдүгү, үнүнүн кооздугу, комуз чертүү чеберчилиги жана сахна маданияты бааланат. Кыргыз акындары казак обонуна салып ырдаган учурда эки упай кемитилет.
Айтыштын финалдык баскычы 2026-жылдын 6-ноябрында саат 14:00дө Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт. Финалдык беттештер упайлык негизде өткөрүлүп, акындардын жуптары чүчүкулак аркылуу аныкталат. Байге фондунун жалпы суммасы — 1 000 000 сом.
Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры, Чолпон-Ата шаардык мэриясы жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

