Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык институтунун “Соттук-экспертиза” адистиги боюнча билим алган студент үчүн Соттук-эксперттик кызматынын башкармалыктарынын жана профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда конок лекция уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган кызматтын атайын өкүлдөрү тарабынан студенттерге эксперттик ишмердүүлүктүн, соттук-эксперттин жумушунун өзгөчөлүгү, ошондой эле эксперттик корутундулардын объективдүүлүгү жана ишенимдүүлүгү алардын кесипкөйлүгүнө түздөн-түз көз каранды болгон адистердин милдеттери менен жоопкерчилиги тууралуу кенен тааныштырылды.
Жолугушуунун уландысы Соттук-эксперттик кызматына окуу экскурсиясы болду. Анын жүрүшүндө студенттер эксперттердин практикалык ишмердүүлүгү жана эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай жоолугушунун алкагында болочоктогу адистерге теориялык билимдерин тереңдетүүгө гана эмес, чыныгы иш шарттары, эксперттик ишмердүүлүккө коюлган заманбап талаптар жана бул чөйрөдө ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл болгон кесиптик компетенциялар жөнүндө түшүнүк алууга шарт түзүлдү.


