Акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүрүүгө айыпталган адамга сот өкүмү чыкты


Ош шаардык соту акча алмаштыруу жайынын ээсинин өлүмү боюнча кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, анын мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Эске салсак, 38 жаштагы киши акча алмаштыруучу жайга кирип барып, ичинде отурган кожоюга бир нече жолу бычак урганы кабаранган. 35 жаштагы жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголгон. Шектүү мурда соттолгонун, төрт баласы бар экенин, бирок ажырашканы айтылган. Ал эми маркумдун артында үч баласы калган.