Мирбек Атабеков Казакстандын «Достық» ордени менен сыйланды


Ырчыга мамлекеттик сыйлыкты Астана шаарында Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин тапшырды.

Сыйлык Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен ыйгарылган.

«Кыргыз менен казактын достугу түбөлүктүү болсун. Эки элдин ортосундагы биримдикти жана маданий байланышты бекемдөөгө мындан ары да өз салымымды кошо берем», — деди Атабеков.

«Достық» — Казакстандын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал коомдогу ынтымакты сактоо, элдер ортосундагы тынчтыкты бекемдөө боюнча эмгеги үчүн берилет. Бул ордендин ээлеринин катарында БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, ырчы Иосиф Кобзон жана курал конструктору Михаил Калашников сыяктуу инсандар бар.