Непалдын Эверест тоосунун аймагында эки тик учак кагылышып, бир адам каза болду. Жаракат алгандар бар, деп билдирет Al Jazeera маалымат агенттиги.
Кырсык шейшемби күнү эки учак бир маалда Эверест базалык лагеринин бир аз төмөн жагына конууга аракет кылып жатканда болгон. Окуя Периче айылында, 4000 метрден ашык бийиктикте орун алды.
Бийлик 47 жаштагы Индия жаранынын каза болгонун тастыктады. Жаңы Зеландиянын жараны жана непалдык учкуч жаракат алган.
Кагылышуунун так себеби азырынча аныктала элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, учкучтар бири-биринин аракеттерин туура эмес түшүнүшкөн болушу мүмкүн. Анткени бул жер аба майдандын диспетчердик мунарасынын жеткиликтүү аймагынан тышкары.
Учурда Непалда туристтик сезон күчөп турган маал. Эверест аймагында оорудан же чарчоодон улам саякатты үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болгон туристтерди жана гиддерди эвакуациялоо үчүн тик учактар дайыма колдонулуп келет.
Эверест — дүйнөдөгү эң бийик тоо катары белгилүү. Непал менен Кытайдын чек арасында жайгашкан. Дүйнө жүзүнөн келген туристтердин, өзгөчө альпинисттердин сүйүктүү жайы.

