Кеңеш

Эксперттер такай дезинфекциялануусу керек болгон буюмдар тууралуу айтып беришти

 Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин адистери санитайзерлерди жана коронавирус пандемиясы учурунда такай колдонулуучу, бирок адам өзү этибар албаган буюмдарды дезинфекциялоону сунуш кылышты.

«Өз кезегинде биз ар бирибиз күн сайын колдонуучу жана дайыма дезинфекцияланууга тийиш болгон бир нече буюмдарды чогултук.

Санитайзер – бул эң ириде өзү дезинфекцияланууну талап кылган буюм. Өз кезегинде ал айланасындагылардын бардыгын дезинфекциялоо менен ал ар кыл бактерияларды жайылтуучу болуп кала берет. Маселен, зыянсыздандыруу максатында санитайзерди биз кир колдорубуз менен кармай тургандыгыбызды жана аны стерилизацияланбаган эле жерлерге коёо берээрибизди көпчүлүк адамдар этибар алышпайт. Ошол себептүү колдорду дезинфекциялоо менен бирге санитайзерди дагы маал-маалы менен сүртүп коюп туруу керектигин эсибизден чыгарбашыбыз керек» — деп айтылат ал маалыматта.

Ошондой эле, Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин басма сөз кызматы кол сааттарды, ал гана эмес электрондук гаджеттерди, ал тургай кол саттардын боосун дагы дезинфекциялоо керектигин белгилейт. Себеби, сутка ичинде аларга коркунучтуу бактериялар топтолуп калаары айтпаса да белгилүү эмеспи.

Баса, алар иттин моюнундагы каргыны, каргыдагы ит жетелей турган сызмаларды дагы унутпоо керектигин эскертишет. Үйдөгү итти сейилдетип келүү үчүн көчөгө чыгып бара жатканда же кайтып келе жатканда албетте подъездин эшигиндеги, ошондой эле лифттеги кнопкаларды кол менен басууга туура келет. Ошол себептүү, үйүндө ит кармагандар аларды сейилдетип келгенден кийин сөзсүз түрдө ит моюнундагы каргыны жиби менен бирге, ошондой эле иттин таманын дезинфекциялоону же самындап жууп салууну унутпоо керектигин эскертишет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button