Коом

Лейлекте жарандарды акысыз медкароодон өткөрүү башталат

Жарандык, дарыгерлик саамалыкты баштап, кыйналган элге кол сунган Жаркынай Ганиева жетектеген «Диагностик» медициналык борборунун аракеттерине ЫРААЗЫЧЫЛЫК!

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМГА МУКТАЖ болуп, үйүндө кыйналып жаткан жарандар үчүн Исфана шаарындагы «Диагностик» медициналык борборунун эмгек жамааты Лейлек районунун айыл өкмөттөрүнө, Исфана шаар башкармалыгына, Сүлүктү шаарынын элине «Элим ооруба » аттуу иш чара уюштурду.

Биздин максат өлкөдө болуп жаткан чектөөлөрдөн улам медициналык жардамга муктаж болуп, бирок эч жакка чыга албай кыйналып жаткан жарандарыбыз үчүн жашаган жерине барып, АКЫСЫЗ кеңеш берүү (кардиолог, терапевт, гинеколог), биринчи медициналык жардам көрсөтүү, ЭКГ, чукул убакытта аныктоону талап кылган анализдерди аныктоо ж.б. медициналык жардамдарды көрсөтөт.

Тел: 0777 065 065

Тогуз-Булак айыл өкмөтү  13.04.2020
Лейлек айыл өкмөтү  14.04.2020
Катыран айыл өкмөтү  15.04.2020
Сумбула айыл өкмөтү  16.04.2020
Аксуу айыл өкмөтү  17.04.2020
Исфана шаар башкармалыгы  18.04.2020
Сүлүктү шаары  19.04.2020

Мындай жагымдуу маалыматты Жаркынай Ганиева фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button