Кылмыш-кырсык

Коменданттык саатты бузган 88 жаран кармалып, 3 автоунаа токтотулду — ИИМ

Коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 88 жаран жеткирилип, 3 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча — 56,

Ош шаары боюнча — 16,

Жалал-Абад шаары боюнча — 10,

Сузак району боюнча – 5,

Кара-Суу району боюнча -1.

Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2472 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

ИИМдин Басма Сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button