Коом

СOVID-19. Түркмөнстанда окуучулар адырашман алуу үчүн акча чогултууда

Түркмөнстанда пандемия менен күрөшүүгө, милиция кызматкерлери, мугалимдер өздөрү жанынан каражат чыгарууда. Коронавирус менен ооруган адамдарды аныктоо үчүн жолдордо, шаарларда, автобекеттерде жана коомдук жайларда жарандар текшерилүүдө.

Ал эми мектептерде жана бала бакчаларда 10-апрелден тартып коронавируска тест алынып жатат. Иликтөөнүн жыйынты болсо жашыруун бойдон калууда.

Борбор калаа Ашхабадда мугалимдер медикаменттер үчүн акча төлөөгө милдеттендирилген. Ал эми окуучулар антисептик сыяктуу каражаттарды алып жүрүшү керек жана мектептердин ичин аластоо үчүн адырашманга акча чогултушууда.

Түркмөнстан бийлиги пандемия жуктургандар тууралуу расмий түрдө маалымат бере элек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button