Коом

Баткен облусунда дистанттык окууга шарты жок окуучулар сыналгы менен камсыз болушту

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо жылынын алкагында, дистанттык окууга шарты жок үй-бүлөлөр такталып,  Кадамжай шаардык мэриясы, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте, шаардагы беш үй-бүлөгө сыналгы алып беришти.

Мындан сырткары облустун бардык мектептериндеги сыналгылар, ошол мектептеги муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилүүдө.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан окуучулардын аралыктан билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо, жетиштүү  шарт түзүү, аракеттери көрүлүүдө.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button