Коом
Орусия спутникке каршы ракеталарга сыноо өткөрдү
Россия кечээ, тагыраак айтканда 15-апрель күнү спутникке каршы сокку уруучу ракетасын сыноодон өткөргөндүгүн жарыялаган. Бул тууралуу командачылыктын басма сөз кызматы билдирген.
«АКШнын космостук командачылыгы мындан кабардар жана 15-апрелдеги россиялык спутникке каршы ракетаны сыноо иштерине байкоо жүргүзүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
«Россия тараптан
өткөрүлгөн спутникке каршы түз сокку уруучу ракеталарды (DA-ASAT) сыноо иштери
америкалык космостук системаларга жана союздаштардын системасына карата
коркунучтардын күч алып жаткандыгынан кабар берет», — деген бул тууралуу АКШ космостуккүчтөркомандачысы,
генерал Джон Реймонд.