Коом

Кыргызстан коронавирустун туу чокусуна жетип калды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

«Айыгып чыккандар менен ооруну жугузгандардын ортосундагы айырмачылыктан улам адис катары коронавирустун бийик чегине жетип калдык деп ойлойм», — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар 631 адамга жетти. Алардын 302си айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Буга чейин адистер өлкөдө оорунун жайылышынын туу чокусу 20-24-апрель күндөрү болот деп болжошкон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button